Жапаровдун штабы Factcheck.kg иликтөөсүнө жооп катары жалган маалымат таратты

Садыр Жапаров мамлекеттик күзөт кызматкерлерин үгүт иштерине тартып жүргөнүн буга чейин Factcheck.kg далилдеген.  

Ал эми БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева үгүт иштеринде мыйзам бузууга жол берилгенин  айтып чыккан. 

Биз Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарган мезгилдеги Нарын облусуна барган иш сапары учурунда жана үгүт иштеринин алкагында Талас облусуна каттаган мезгилде тартылган эки тасманы салыштырып көрдүк. Мамлекеттик күзөт кызматкерин аныктап билүүчү бир нече белги бар. Ал кызматкердин бою, эмблемасы бар куртка жана бет түзүлүшүндөгү айрым белгилер. Ал беткап тагынып жүргөндүктөн жүзүн жарым-жартылай гана көрүү мүмкүн болду. 

Биздин иликтөөгө штаб бир нече убактан соң жооп берерин кабарлаган. Эки күндөн соң, тагыраагы 18-декабрда Facebook колдонуучусу Султанбек Аманбеков эмблемасы бар курткачан адамды тасмага тартып, ал күзөт кызматында иштеберин айткан.  

Биз бул тасманы кылдат текшерип көрдүк. Садыр Жапаровду Таласка жана Нарынга барган сапарында коштоп жүргөн адам башка, ал эми Султанбек Аманбеков жарыялаган адам башка болуп чыкты. 

Алардын жүздөрү түспөлдөш эмес, мындан тышкары, штабда “аналитик” болуп эмгектенем деген адамдын көзүндө калы бар экенин байкадык. 

Ошол эле эмблемасы бар куртка кийген адам Садыр Жапаров менен Нарынга барганда, да Таласка барганда да, калы көрүнгөн эмес эле.

Буга кошумча, Жапаровдун Кочкор-Атада болгон сапарында ошол эле аналитиктин башка куртка кийип жүрүшү — штабдын калпынын дагы бир далили болуп саналат. Кочкор-Атадан түз эфир 17-декабрда саат 12:31де башталган.  

3 сааттан соң Жалал-Абадда ошол эле “аналитик” эмблемасы бар куртка кийип калганын көрсө болот.  Youtube data viewer маалыматына ылайык, эфир 17-декабрда саат в 15:50дө башталган.

Ал эми 18-декабрда штабдын “аналитиги” куртка меники деп ишендирип, мындай куртканы каалаган базардан сатып алса болорун белгилеген.

Жыйынтык: манипуляция. Factcheck.kg иликтөөсүн четке кагуу максатында Садыр Жапаровдун штабы манипуляцияга жол берген.