Абайла, фейк: WhatsApp аркылуу тараган каңшаардан эки киши тирүүлөй өрттөлдү

Мексиканын чакан шаарчасы Акатланда WhatsApp аркылуу кичинекей балдар уурдалып жатканы тууралуу каңшаар тараган. Албетте, бул фейк жаңылык болгон экен. Бирок анын чын-төгүнүн бышыктаганга чейин алабарман топ эки кишини тирүүлөй өрттөп салды.

Алабарман топ Рикардо менен Альберто тирүүлөй өрттөлүп жаткан учурду телефонго тартып алышкан.Сүрөттүн автордук укугу ENFOQUE
Алабарман топ Рикардо менен Альберто тирүүлөй өрттөлүп жаткан учурду телефонго тартып алышкан.

29-августта күндүзү жергиликтүү тургун Маура Кордеро дүкөнүнө маңдайлаш жайгашкан полиция бөлүмүнүн алдына кишилер жыйналып жатканын байкайт. 75 жаштагы дүкөнчү аял эшиктен шыкаалап, эмне болуп жатканына кызыккан. Шаарчанын негизги көчөсүнө көп киши жыйылып кетти. Акатландын көчөсүндө мындай кишилер көп жыйылган учур майрамдарда гана кездешчү эле деп эскерет Кордеро.

Полиция унаасы келип токтоп, андан эки кишини алып түшөт. Чогулгандар “бул экөө бала уурдагандар” деп, ызырынып сабап салчудай жаладанып жатты. Полиция аларды такыр башка себеп менен кармап келгенин, “алар бала уурдаган эмес, майда кылмыш менен кармалган” деп түшүндүрүүгө аракет кылды. Бирок кызууланган ээнбаш топ улам көбөйүп, улам жаалы күчөй берди.

Полиция бөлүмүнө 21 жаштагы Рикардо Флорес жана анын таякеси Альберто Флорес кармалып келген эле.

Рикардо Акатланга жакын жерде өскөн. Кийин шаарчадан 250 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан Халапа шаарына окууга кетет. Альберто болсо өмүр боюу Акатландын чет жакасында жашап, фермерлик менен алектенген.

Рикардо аз күн мурун эле Акатланга туугандарына жардам берүү үчүн келген экен. Андан кудукту бүтүрүү үчүн таякеси менен курулуш материалдарын алып келүүнү суранышкан.

Полициянын айтымында, булар кандайдыр бир кылмышка барган дегенге далил болгон эмес. Экөөнүн артынан жергиликтүү тургундар ызы-чуу көтөргөндө, анан полиция коомдук тартипти бузду деп кармаган эле.

АкатланСүрөттүн автордук укугу BRETT GUNDLOCK
Ал күнү болуп кеткен зомбулукту эч ким күткөн эмес

Чогулган албарман топ WhatsApp аркылуу тараган маалыматка ишенип алган:

“Өлкөдө балдар уурдалып жатат. Кылмышкерлер балдардын органдарын сатат экен. Соңку күндөрү 4-8-14 жаштагы балдар жоголгон. Алардын сөөгүн табышканда, ички органдары жок экен”,-деген маалымат тарап, аны тургундар бири-бирине жөнөтүшкөн.

Рикардо менен Альбертону башталгыч мектептин жанынан көрүп калышып, бала уурдагандар ушулар деп кабыл алышкан. Аларды кармалганы тууралуу кабар өтө тездик менен шаарчага тарады.

Полиция ырастагандай, Рикардо жана Альберто тууралуу жалган маалыматтарды тараткандардын бири – жергиликтүү тургун Франциско Мартинес. Ал өзүнүн “Фейсбук” баркчасы аркылуу түз байланыш уюштуруп:

“Акатлан тургундары, мага ишенгиле, мени колдогула, колдогула. Бала уурдагандар ушул жерде!”,-деп кыйкырып турган.

Мартинес шаарчадагы тургундарды ушундай жол менен чогултууга аракет кылып жатканда, дагы бир тургун Мануэль полиция бөлүмүнө жакын жердеги чиркөөнүн коңгуроосун каккан. Ал дагы Рикардо менен Альбертону полиция бошоткону жатат деп элге кабар жеткиргенге аракет кылат.

Ал эми тургундардын бири Петронило Кателан үн күчөткүч аркылуу сүйлөп, “кармалгандарды өрттөп салабыз” деп, күйүүчү майга акча жыйнай баштайт.

Бир нече убакыттан кийин алабарман топ, полиция имаратына бастырып кирип, Рикардо менен Альбертону сууруп чыгышты. Кээси телефонуна тартып жатса, айрымдары ур-тепкиге алды. Андан кийин бензин куюп туруп, аянтка сүйрөп келишти.

Күбөлөрдүн айтымында, Рикардону өлөсө кылып тепкилеп салышкан, Альберто болсо өрт коюп жаткан учурда тирүү болчу. Тартылган тасмада өрт жалмаган учурда колу-буту кыймылдап жатканы көрүнөт.

Рикардо менен Альбертону ушул жерде өрттөшкөн.Сүрөттүн автордук укугу BRETT GUNDLOCK
Рикардо менен Альбертону ушул жерде өрттөшкөн.

Күйгөн сөөктөр эки сааттай жатты. Качан гана штаттын прокурорлору жетип келгенде гана сөөктү алышкан. Аба күйүк жана бензин жыттанып турду. Рикардонун чоң энеси Элиа Гарсианы сөөктөрдү таануу үчүн алып келишкен.

Альбертонун жаагынан аккан жаш кургай элек экен деп эскерет ал. “Эмне кылгансыңар, карагылачы! Эмне кылгансыңар!”,-деп чогулуп турган топко кыйкырып, боздоп жиберген чоң энеси.

Бул үрөй учурган окуяны чакан шаарча мурда-кийин көргөн эмес эле.

Акатлан тургундарынын көбүнүн жашоо-турмушу АКШда миграцияда жүргөн жакындарына көз каранды. Алар акча салып, ошол аркылуу кем-карчын толуктап турушат. Мексиканын башка аймактары сыяктуу эле, бул чакан шаарчанын тургундары дагы жакшы жашоо издеп, миграциягa агылган.

Рикардонун атасы Хосе Гваделупе Акатландагы үй-бүлөлүк чарбасындаСүрөттүн автордук укугу BRETT GUNDLOCK
Рикардонун атасы Хосе Гваделупе Акатландагы үй-бүлөлүк чарбасында

2000-жылдары мигранттардын шары менен кеткендердин бири – Мария дель Розарио Родригес менен Хосе Гваделупе Флорес эле. Алар эки баласы Хосе Гваделупе-кичүүсү менен Рикардону энесинин колуна калтырып, өздөрү иш издеп АКШга кетишет.

Мария үй кызматкери, жолдошу курулушта иштеп жүргөн. Миграцияда жүрүп, кыздуу болушуп, ысымын Кимберли коюшат. Алар Мексикада чоң энесинин колунда калган балдары менен ар дайым “Фейсбук” жана “Фейстайм” аркылуу байланышып турушкан.

Мария Акатландагы үйүндө балдары мененСүрөттүн автордук укугу BRETT GUNDLOCK
Мария Акатландагы үйүндө балдары менен

29-августта Мария “Фейсбук” аркылуу кат алган. Башында бул жаман түш сыяктуу сезилип, эсинен танып кала жаздады. Анын курбусу “уулуң Рикардо бала уурдоо боюнча айыптап, камакка алынды” деп жазган экен. Бул жалган, адашып кармаса керек деп ойлоп жатты. Кийин ага “Фейсбуктагы” түз чагылдыруунун шилтемесин беришет. Ачып эле, анда уулу менен агасын ур-тепкиге алып жаткан албарман топту көрдү…

Күйөөөсү экөө, уулунуну сөөгүн жерге берүү үчүн АКШдан кайтып келишти. Жүгөрү талаасын аралап, көпөлөк кубалап ойногонду жакшы көргөн уулунун балалык учурун эскерип, ботодой боздоп турду энеси.

Рикардо адвокат болом деп, укук таануу боюнча билим алып жаткан. Адилетсиздик, акыйкатсыздыктан башкаларды коргойм деген ой-кыялы бар эле.

Альбертонун жесири Ясмин СанчесСүрөттүн автордук укугу BRETT GUNDLOCK
Альбертонун жесири Ясмин Санчес
Альберто Флорес үч кыздын атасы эле.Сүрөттүн автордук укугу BRETT GUNDLOCK
Альберто Флорес үч кыздын атасы эле.

Штаттын бийлиги кабарлагандай, бул окуя боюнча беш кишиге “кылмышка түрткөн аракетке барган” деген айып тагылган. Төрт кишини адам өлтүрүү беренеси менен айыпташты.

Коомдук сайт аркылуу окуяны түз чагылдырып турган Мартинес, чиркөөнүн коңгуроосун каккан Кастелан, бензинге акча жыйнаган Мануэль дагы кылмышка түрткөн аракет үчүн соттолду. Адам өлтүрүү кылмышы боюнча айыпталган төрт кишиге издөө жарыяланган.

Үрөй учурган зомбулуктун эртеси көп киши тажыяга жыйылып келди. Балким арасында кечээги окуянын дагы күбөлөрү жүргөндүр…

“Эмне кылып салдыңар! Силердин балаңар барбы! Мен акыйкаттыкты талап кылам!”,-деп кыйкырган Мария. Анын көз жашы жагынан ылдый кулап жатты. Келгендер томсоруп карап турушту…

45 жаштагы Хосе Гваделупе Флорес жана кызы Кимберли Акатлан шаарчасындаСүрөттүн автордук укугу BRETT GUNDLOCK
45 жаштагы Хосе Гваделупе Флорес жана кызы Кимберли Акатлан шаарчасында

Мария ошондон бери эмне үчүн жалган маалыматка ушунчалык тездик менен кишилер ынанып калганын аңдап түшүнө албай бушайман. Кантип эле?!

Мексиканын чакан шаарчасындагы бейкүнөө өлүм – бул биринчи жолу болгон жок. “Фейсбук” жана WhatsApp аркылуу тараган “фейк” (жалган) маалыматтар Индия, Мьянма жана Шри-Ланкада дагы зомбулукка себеп болгон.

Мехиконун киберполициясы WhatsApp группа түзүп, башкалаанын 300 районунун тургундары бири-бири менен түз сүйлөшө тургандай аракеттерди көрүүдө. Бул аркылуу тургундар маалыматтардын чын-бышыгын билүү үчүн полициядан тактай алат.

Мария дель Розарио Родригес маркум уулунун телефонун кармап олтурат.Сүрөттүн автордук укугу BRETT GUNDLOCK
Мария дель Розарио Родригес маркум уулунун телефонун кармап олтурат.

WhatsApp дагы кандайдыр бир кадамдарга барды. Маалыматтарды таратууну 20га чейин чектеди. Индияда болсо беш киши менен чектелген.

Бүтүндөй Мексика боюнча балдарды уурдоого байланышкан фейк кабарларга карата маалыматтык өнөктүк жүрдү.

Мехиконун киберполициясы WhatsApp группа түзүп, башкалаанын 300 районунун тургундары бири-бири менен түз сүйлөшө тургандай аракеттерди көрүүдө.
Мехиконун киберполициясы WhatsApp группа түзүп, башкалаанын 300 районунун тургундары бири-бири менен түз сүйлөшө тургандай аракеттерди көрүүдө.

Укук коргоо органдарынын ишиндеги алешемдик жана жазасыз калуу Мексикада ар кандай ушактардын тарашына себеп болуп калууда дейт парламенттин депутаты Татьяна Клотье.

“Биз эмнеге артыкчылык беришибиз керек? Биз пикирин эркин айтууга артыкчылык беришибиз керекпи жана анын чеги кайсыл жерде? Бул темага эч кимибиз тереңдеп кире албай, эркин пикир айтууга залакабыз тийет деп чочулайбыз. Бирок жалган маалымат таратууга жол бербешибиз керек Биз туштуккан кырдаал өтө опурталдуу”,-деди ал.

Булак: BBC