Коомдук транспорттогу койдун сүрөтү фейкпи?

Сумкасына кой салып алган  коомдук транспорттогу жүргүнчүнүн сүрөтү социалдык тармактарда кеңири тарап, кызуу талкууга алынды. Сүрөт 27-февралда пайда болгон.

Factcheck.kg аны кылдат текшерип көрдү.

1.     Алгач Magnifier кызматы аркылуу сүрөттү чоңойтуп, изилдейбиз. Койдун тегерегиндеги көрүнүш табигый эместей сезилет. Мындай көрүнүш эки учурда кездешет: сүрөттүн өлчөмү кичирейтилген учурда жана Feather функциясын Photoshop сервисинде колдонгон учурда. Бул анализ аркылуу сүрөт жасалма же жасалма эмес экенин так кесе айтуу мүмкүн эмес.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/6612be09f7c327d6807346e8932d6c7bf3e004be.png?resize=525%2C468&ssl=1

2. Андан соң сүрөттөгү каталардын деңгээлин (Error Level Analysis) иликтейбиз. Анда койдун башы башка объектилерден өзгөчөлөнбөгөнүн байкайбыз:

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/bca1e3748dcc1bc89c89a2c74314ab649c5b55a7.png?resize=534%2C778&ssl=1

3. Fotoforensics кызматынын жардамы менен да койдун башка объектилерден өзгөчөлөнүп турбаганын аныктайбыз:

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/6c1a0c67bce761dc8125d831176aae29f4f1ae30.png?resize=435%2C634&ssl=1

Эгерде фотомонтаж колдонулган болсо, койдун сөлөкөтү башка объектилерден айырмаланып турмак.

4. Сүрөттү текшерүүчү дагы бир сервис — Luminance Gradient Analysis. Ал компьютердик графиканы аныктайт.

 

https://i2.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/066183527152d2ab02d98c09e4521c360569ab05.png?resize=596%2C869&ssl=1

Бир нече кызматты колдонуу менен, фотошоп элементтерин тапкан жокпуз.  Андыктан маалыматтын алгачкы булагын издейбиз.

 

Аны “Яндекс сүрөт” сервисинин жардамы менен  табабыз.

https://i2.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/3aea7e16a31e5917e9e7d70fd14bf7d745c03499.png?resize=640%2C804&ssl=1

Сүрөт алгач Instagram социалдык тармагында 2017-жылдын 13-февралында ар түрдүү ракурста тартылып, жарыяланган. Мындан мурунку сүрөттөр табылган жок.

Жыйынтык: 

Сүрөт монтаждалган эмес. Ал алгач 2017-жылы жарыяланган.