«Шайн Мускат» сортундагы жүзүм менен чочколорду багышабы?

Быйыл ноябрда коомдук тармактарда корейлердин Shine Muscat (“Шайн Мускат”) сортундагы жүзүмү тууралуу өтө көп материалдар жарыяланды. Бул жүзүм элди өзүнүн чоң өлчөмү, шириндиги жана данектеринин жоктугу менен катуу таңгалтырды. Бирок аны мактаган материалдар менен кошо бул жүзүмдө химикаттар толтура, Кытайда аны чочколорго беришет деген билдирүүлөр да пайда боло баштады. Бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн текшеребиз.
“Шайн Мускат” жүзүм сорту 1988-жылы Жапонияда Жемиш дарактарын изилдөө улуттук институтунда (NIFTS) иштелип чыккан. Бул жүзүм Akitsu 21 жана Hakunan сортторундагы жүзүмдөрдү кыйыштыруу жолу менен чыгарылган.
Жапонияда Shine Muscat расмий түрдө 2006-жылы катталган. Роялти (автордук укук) алуу үчүн Жапония жакынкы алты жылдын ичинде жүзүм сортун чет өлкөлөрдө каттоого алышы керек болчу. Бирок, Shine Muscat жүзүмүн экспорттоо пландаштырылбагандыктан, чет өлкөлөрдө каттоо процедурасы жүргүзүлгөн эмес.
Жүзүмдүн жашыл түстөгү мөмөсү чоң болуп, анын бир талынын салмагы 500 граммга чейин жетет. Жүзүмдүн мөмөсү топтоголок, данеги жок келет.
Жүзүм Жапонияда гана эмес, чет өлкөлөрдө, өзгөчө Түштүк Кореяда жана Кытайда элдин жагымдуу тамагына айланды. Түштүк Корея сортту массалык түрдө өстүрүүгө жана экспорттоого чоң көңүл буруп, аны дорамалар, телешоулор жана коомдук тармактар аркылуу жайылтууга негизги басым кылды. Ушуга байланыштуу жүзүмдү элдин көбү да, интернет колдонуучулар да “корей жүзүмү” деп атай башташкан.
КМШ өлкөлөрүндөгү популярдуулугу
Бул жүзүмдүн сорту ТикТоктун орус тилдүү бөлүгүндө ушул жылдын ноябрь айында популярдуу болду. Ошондо колдонуучулар бул “атактуу” жүзүмдү камерага тартып, ал жөнүндө сын-пикирлерин калтырышкан видео-серептер биринин артынан бири пайда боло баштады.
Ошол эле маалда болжолдуу кытай тургуну Shine Muscat жүзүмүн малга берип жатканы тартылган видео тарай баштады. Кийинчерээк Кытайдагы чочколорду жүзүмдүн бул түрү менен бага тургандыгы тууралуу видеороликтер көп чыга баштаган.
Чындыгында, видеону коштогон текстте төмөнкүдөй айтылат:
«Бул жылы күн розасына суроо-талап жок.»
«Түшүм мол болду, бирок 2-3 юанга эч ким сатып алгысы келбейт. Фермерлер жүзүмдү малга бергенге аргасыз.»
«Интернет-колдонуучулар: Мурда килограммы үчүн талашып тартышат элек, эми жащиктери үчүн талашып жатабыз.»
«Өтө эле көп, жеп да бүтө албайсың.»
“Күн розасы” – бул «Шайн Мускаттын» кытайча аталышы. 2018-жылы Кытайда бул жүзүм сортунун 2 миллиондон ашык көчөтү отургузулган. Ошентип, 2019-жылы сунуштун жогору болушуна байланыштуу Shine Muscat жүзүмүнүн баасы алты айга жетпеген убакытта ≈$19,05тен (2019-жылдын октябрындагы КР Улуттук банкынын курсу боюнча 1329 сом) 0,6 долларга (2019-жылдын октябрындагы КР Улуттук банкынын курсу боюнча 42 сом) кескин төмөндөгөн, андан кийин жылдын аягында жүзүмдүн баасы ≈$7,35ке (2019-жылдын октябрындагы КР Улуттук банкынын алмашуу курсу боюнча 513 сом) чейин көтөрүлгөн, башкача айтканда, баштапкы баа дээрлик үч эсе төмөндөгөн.
Белгилей кетүүчү жагдай, малга ар түрдүү мөмө-жемиштерди берүү бул кадыресе эле көрүнүш. Мөмө-жемиштер жогорку энергетикалык баалуулугу бар аш болумдуу тоют болгондуктан, малдын рационуна кошулат.
Андан сырткары, видеодо малга жүзүм көптөгөн көлөмдө берилип жатканы көрсөтүлбөйт, андан чочко менен уйга жүзүмдүн бирден гана шиңгили берилгенин көрсөк болот. Ошондуктан бул жүзүм малга бериш үчүн атайын өстүрүлөт деп айтууга негиз жок.
Тыянак: калп. Эгерде видеодогу текстти которсок, жүзүмгө суроо-талап жок болгондуктан аны малга бергенге аргасыз болгону айтылат.
Билдирме
Жыл башынан бери Кыргызстан Кытайдан жүзүмдүн импортун 60%га көбөйттү. Январь-октябрь айларынын аралыгында 20 тоннадан ашык жүзүм алынып келинген.