Турак-жайсыз Жогорку Соттун төрайымдары. Декларацияларды текшеребиз

Мамлекеттик салык кызматы чиновниктердин 2019-2020-жылдарга карата декларациясын жарыялады. Кыргызстандын Жогорку Cотунун судьялары да кирешелери тууралуу отчет беришти.

Factcheck.kg Жогорку Соттун мурдагы жана азыркы төрайымдарынын кирешелерин текшерди. Гүлбара Калиева 2018-жылдан 2021-жылдын апрель айына чейин бул кызматты аркалаган, ал эми 2021-жылдын апрель айынан тарта Нургүл Бакирова төрайым болуп иштөөдө.

Гүлбара Калиеванын декларациясы

 

Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева 2019-жылдагы салык отчетунда өзүнүн жана жакын тууганынын эч кандай мүлкү жок экенин белгилеген. Калиева жыл ичинде болгону 1 млн 273 миң сом (айына 106 миң сомдон) тапканын көрсөткөн. Ал эми анын жакын тууганынын жыл ичиндеги кирешеси 537.3 миң сомду (айына 44.8 миң сом) түзгөн. Декларацияда чыгымдар тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. 

 

2020-жылы дагы Калиева эч кандай мүлкү жок экенин белгилеген жана өзүнүнүн жылдык кирешеси 1 млн 310 миң сомду, жакын тууганынын кирешеси 593.7 миң сомду түзгөнүн көрсөткөн. 

Бул ирет дагы чыгымдар көрсөтүлгөн эмес.

 Нургүл Бакированын декларациясы

Учурдагы төрайым Нургүл Бакирова 2019-жылы  Жогорку Соттун жөнөкөй судьясы болгон. Декларацияга ылайык, анын мурунку төрайымдай эле эч кандай мүлкү – турак жайы, унаасы жок. Бакированын эмгек акысы 690,6 миң сомду (айына 57,5 ​​миң) түзгөн.

Анын жакын тууганынын да кыймылсыз мүлкү жок. Ал эми кирешеси 2 миллион 443 миң сомго (айына 203,6 миң) жеткен. Жыл ичиндеги чыгымдар  1 миллион 360 миң сомду түзгөн. Мүлктөн 600 миң сомго бодо мал, 50 миңге бакма канаттуулар, 20 миңге башка мал жана 690 миң сомго женил фургон көрсөтүлгөн. 

2020-жылы Бакирова төрайымдын орун басары болгон жана жылына 772,9 миң сом (айына 64,4 миң) киреше алган. 

Жакын тууганынын кирешеси 1.5 миллион сомго чейин (айына 125 миң) түшүп, мүлкүнүн наркы өстү: бодо мал – 1,7 миллион сомду, канаттуулар – 100 миң сомду, башка малдар – 30 миң сомду, жеңил фургон 690 миң сомду туздү. 

 

Мурдагы декларациялар

 

Гүлбара Калиеванын 2015-2018-жылдаркы салык отчеттору жаңысынан айырмаланбайт.

 

Нургүл Бакированын мурунку жылдары бир гана декларациясы ачык булактарга жарыяланган. Ал 2018-жылы 9 миллион 488 миң сом киреше тапкан. Тууганы 190 чарчы метрди түзгөн курулушу бар экенин көрсөткөн.