“Ташиевди каралаганды токтоткула”. УКМК башчысын колдоп, пресс-конференция бергендер ким? Фактчек

25-январда активисттер тобу АКИpress маалымат агенттигинде пресс-конференция берип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге колдоо көрсөтөрүн билдиришти. Активисттер Кыргызстандын гүлдөп атканын, коррупция түп-тамыры менен жок кылынып атканын, ал эми журналисттер өлкөнү талкалоо максатын көздөрүн белгилешти. Мындан тышкары, пресс-конференциянын катышуучулары Камчыбек Ташиевдин иниси “Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшырып берүүсү кылмыш деп белгилеп, аны эл өзү шайлагандыктан, депутаттык креслодон баш тартпоону” өтүнүштү. 

Factcheck.kg активисттердин буга чейинки ишмердүүлүгүн текшерип көрдү.

Анварбек Толомушев

Анварбек Толомушев АКИpress маалымат агенттигине буга чейин бир нече ирет конок болуп кеткен. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, ал 2015-жылдан тарта мурдагы муфтий Максат Токтомушевди сындап келгени менен белгилүү.

Анварбек Толомушев, сүрөт Azattyk.org

2015-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максат Токтомушевдин жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевдин отставкасын талап кылган. Толомушев муфтият башчысы Сауд Арабиясынан бөлүнгөн ажыга 500 визаны чучук улаксыз таратканын жана өзүнүн орун басары катары тиешелүү билими жок Равшан Эратовду дайындаганын айтып чыккан. Мындан тышкары, Толомушев муфтияттын башкы бухгалтери Жеңишбай Бекиевди коррупция үчүн соттолгон деп айыптаган. 

Анварбек Толомушев мурдагы муфтийге каршы 2018-жылы да билдирүү тараткан. Ал муфтиятта текшерүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтып, ажылык сапарды уюштуруудагы коррупциялык иштерден шектенип жатканын билдирген. Бирок анын талаптарына мурдагы бийлик тарабынан тиешелүү реакция болгон эмес.

Белгилей кетсек, Максатбек Токтомушев 2014-жылдан 2021-жылдын февраль айына чейин муфтияттын башчысы болуп келген. Ал эми 2021-жылдын 10-февралында кызматын тапшырып, УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалган. Кийинчерээк эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган. 

Токтогул Султанов

Токтогул Султанов өзүнүн Facebook- баракчасында түз эфирге чыгып, президент Садыр Жапаровго каршы чыккандарды сынга алган. Анын айтымында өлкө башчысы мамлекетти башкаргандыктан жана бул вазийпа бардык адамдарга эле берилбегендиктен, “ажого сый көрсөтүү керек”. Бирок, ошол эле учурда ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду өзү сынга алган.

Токтогул Султанов, сүрөт Facebook социалдык тармагынан алынды

Токтобай Назаралиев

Токтобай Назаралиев – Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы. Ал өзүнүн ютуб-каналында мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду сындап, анын отставкага кетүүсүн бир нече жолу талап кылган.

Токтобай Назаралиев, Назаралиевдин ютуб-каналынан скриншот

2021-жылдын август айында Анварбек Токтомушев, Токтогул Султанов жана Токтобай Назаралиев кезектеги пресс-конференция берип, муфтийди шайлоо жараянына нааразычылыгын билдиришкен. Алардын айтымында муфтийге талапкерлердин бирин муфтияттын алдында УКМК кызматкери кармап кеткен. Активисттер муфтиятты УКМКнын филиалы кылууну сунуштаган.

АКИpress

Куштарбек Кыдыралиев

Ташиевге колдоо көрсөткөн пресс-конференциянын дагы бир катышуучусу Куштарбек Кыдыралиев, тескеринче, буга чейин мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевге колдоо көрсөткөнү менен белгилүү.  2021-жылы Токтомушев камакка алынган соң, активисттер УКМКнын кеңсесинин жанында митинг уюштуруп, анын бошотулушун талап кылышкан. Алардын ичинен Куштарбек Кыдыралиев журналисттерге интервью берип, мурдагы муфтий мыйзамсыз камакка алынагын, ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров “өтө адилеттүү болгондуктан, мындан кабары жок” деп билдирген.

Куштарбек Кыдыралиев, 24.kg видеосунан скриншот
сүрөт АКИpress

Осмон Рыскулбеков 

Пресс-конференциянын дагы бир катышуучусу Осмон Рыскулбеков 2020-жылы “Обончулардан ыр белек” аттуу программасына катышып, маек курган. Анда алып баруучу Рыскулбековду акын, обончу, коомдук ишмер жана мугалим катары тааныштырат.

Осмон Рыскулбеков. Фото АКИpress

Мындан тышкары, Осмон Рыскулбековдун ысымы 2006-жылкы жаңылыктарда жерлерди басып алгандардын башында турганы айтылат. Маалыматка ылайык, борбор калаанын таштанды таштоочу жайынын аймагында 20 гектардан ашык жер мыйзамсыз басып алынган. Ал эми алты жылдан соң ал пресс-конференция берип, басып алынган жерлерди мыйзамдаштырууну жергиликтүү бийликтен талап кылган. Макалада мыйзамдаштыруу талап кылынган жерлерди тургундар акысыз алганы айтылат.

OsOO.kg маалыматына ылайык, Осмон Рыскулбековдун наамына төмөнкү компаниялар катталган:

  1. “Строительная фирма “Алга-Нур Кут””ЖЧКсы;
  2.  “Osmel-Herbal” (“Осмел-Хербал”)ЖЧКсы (ИУ-Корея) чет өлкөлүк жарандын катышуусу менен, ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес;
  3. “Оомат-Алтын Казык” жЧКсы, башка топторго кирбеген башка коомдук уюмдардын иштери

Уулай Шадиева

Уулай Шадиева, сүрөт АКИpress

Уулай Шадиевой тууралуу ачык булактарда маалымат табылган жок.

Жыйынтык: 25-январда атайын пресс-конференция берип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдоп чыккандардын арасында өлкө башчысы Садыр Жапаровлуе тарапташтары жана мурдагы муфтий Максат Токтомушевдин оппоненттери бар.