Эрдоган депортацияланган уйгур келинге түрк жарандыгын бердиби?

Социалдык тармактарда жана мусулман сайттарында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Рене Ермамайт аттуу депортация болгон келинге түркия жарандыгын бергени тууралуу маалымат тарады. Уйгур келини Рене Ермамайт Босния жана Герцоговинадан Стамбулга токтоп, андан ары Кытайга учмак.

 

Билдирүүдө «Эрдоган чыныгы мырза экенин тастыктап, мусулман кызын кытайлык концлагерден сактап калды» деген көз карашка басым жасалат.

Factcheck.kg окуянын чоо-жайын иликтеди.

Маалыматтын тексти аркылуу издөө салсак, бардык шилтемелер бир эле билдирүүгө алып келет:

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/6576594ae4bdf5f606549def37f1acf0a0b4eb50.png?resize=640%2C1041&ssl=1

Ал эми сүрөт аркылуу издөөнүн натыйжасы кыйла жемиштүү болуп, түркиялык  MepaNews маалымат сайтына алып келди. Анда Босния жана Герцеговинадан транзит аркылуу Стамбулга токтоп, аэропорттон жаңжал салган Рена Ермаймайт аттуу уйгур келини тууралуу кеп болот. Макалада Ренанын паспорту жасалма болгондуктан, ал депортацияланганы айтылат.

Мындан тышкары, макалада уйгур активисти Арслан Хидаяттын твиттер аккаунтунан алынган видео тиркелген. Активист Ренанын жана анын кызынын (буга чейинки издөөнүн жыйынтыктарында уул деп айтылат) көйгөйүн чагылдырып, келин Кытайдагы концлагерге камакка алынарын айткан. Рена Босниядан депортацияланганын жана анын алты айлык боюнда бар экенин Арслан белгилеген.

PLEASE SHARE, #Uyghur Mother and daughter from #Xinjiang, #China aka #EastTurkestan, stranded at Istanbul Airport after being deported from #Bosnia. Now they face deportation from #Turkey back to China, where they’ll end up in a #ConcentrationCamp.

RENA is 6 months Pregnant. pic.twitter.com/petKiOv6uW

— Arslan Hidayat (@arslan_hidayat) August 7, 2019

Жыйынтгында боюнда бар келин менен анын кызына жергиликтүү бийлик тарабынан Түркияда бир нече убак жашоо мүмкүнчүлүгү берилет. Ренанын айтымында, алгач анын көйгөйү оңунан чыккан эмес. Андыктан, ал аэропортто жаңжал салып коомчулуктун жана ЖМКнын көңүлүн бурууга мажбур болгон. Ренанын Түркиядан калуусуна Арслан Хидаяттын ролу зор болгон.

Жыйынтык:

Окуянын жарымы төгүн, жарымы чын. Депортация болгон уйгур келин  бир нече убакка Түркияда калды, бирок өлкө жарандыгын алган жок. Окуяга президент Эрдогогандын эч бир тиешеси жок.