Самаган Асанов, “Багыт”: “Кыргызстанда 10 миң мамлекеттик кызматкерди кыскартуу пландаштырылууда” – чындык

Бүгүн, 26-ноябрда КТРК телеканалында Жогорку Кеңешке аттанган партиялардын өкүлдөрүнүн арасында теледебат өтүүдө. Талкууга төрт партиянын талапкерлери – Ахунбай Кошоев («Мекенчил эл»), Эльдар Мадылбеков («Легалайз»),  Айчүрөк Камаева(«Социал-демократтар») жана Самаган Асанов («Багыт») катышууда.

“Багыт” партиясынан ат салышып жаткан Самаган Асанов Кыргызстанда 10 миңдей мамлекеттик кызматкерди кыскартуу пландалып жатканын билдирди. Ал өзү мамлекеттик аппаратты мындай кыскартууга каршы экенин кошумчалады. Бул маалыматты Factcheck.kg сайты тастыктады.

Чынында эле үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Аткаруу бийлигинин жана башкаруунун мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен чечим кабыл алынат:

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.

Ошентип, 30 пайыз, башкача айтканда, 10-11 миңдей мамлекеттик кызматкер кыскартылса, мамлекет 2 миллиард сомдон ашык каражатты үнөмдөп калат.

Жыйынтык: чындык.