Илон Масктын интернетин колдонгондорго айып пул салынабы?

Россияда Илон Масктын спутник интернетин пайдалангандарга карата айып пул салынары тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду. Анда Мамлекеттик Дума тиешелүү мыйзамды кабыл алгандыгы тууралуу жазылып, жөнөкөй жарандарга  10 миң рублдан 30 миң рублга чейин, ал эми юридикалык жактар үчүн 500 миң рублдан 1 млн рублга чейин айып пул каралганы айтылган. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Жаңылыкта Ars Technica басылмасына шилтеме берилет. Бул басылмадан тиешелүү макаланы таптык, бирок анда акыркы чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат жок. Макалада демилге көтөрүлүп, талкууга алынгандыны тууралуу гана сөз болгон.  Ars Technica  “Популярная Механика” аттуу сайтка шилтеме берген. Бул сайтта жогоруда айтылган демилге мыйзамга туура келбеси белгиленет

Мындан тышкары, болжолдуу айып пулдар тууралуу маалымат 2019-жылдын июнь айында алгачкы ирет пайда болгонун аныктадык.

Эшер-2 аттуу телеграм канал Россиядагы мыйзамга шилтеме берип, учурда мыйзам Россиянын өкмөтүндө талкууланып атканын белгилеген.

 


Жыйынтык: жалган. Тиешелүү мыйзам долбоор учуда кабыл алына элек.