Фактчек: бейтапканада кезек күтүп жан берген пенсионердин окуясын текшеребиз

14 июнда  Slon.kg 14 сайтында кезегин күтүп аткан жеринде каза тапкан бейтап тууралуу макала жарыяланган.  Slon.kg редакциясы окуя Киев шаарындагы бейтапканада болгонун баяндап, россиялык ЖМКларды булак катары көрсөткөн. Макалада кезегин күтүп отурган жеринде жан берген пенсионерди дарыгерлер карабастан, бир нече саат бою чүпөрөк менен жаап койгону айтылат.

 

Окуя чын эле болгонбу же макала маалымат согушунда россиялык ЖМКлардын Украинага каршы чабуулубу? Factcheck.kg  териштирди.

Алгач, макала булагын издейбиз.  Google аркылуу  «Женщина скончалась в очереди к врачу» аттуу материалдын аталышы боюнча издөө салсак, көңүл ачуучу жана маалыматтык ар түрдүү ресурстар чыгат.  Жаңылык өтө популярдуу экенине ынанабыз.

C:\Users\Yaroslav\AppData\Local\Microsoft\Windows\INetCache\Content.Word\Opera Снимок_2019-06-20_162342_www.google.com.png

Макаланын көбү россиялык гана сайттарда эмес, украиналык басылмаларда да жайгашканын белгилеп кетүү зарыл.

Андан соң, жаңылыктар табылган сайттарды текшеребиз.

«РБК-Украина», «FaceNews.ua – новости Украины и мира», информационное агентство «Униан», портал актуальных новостей «Вести Украина» аттуу маалымат-аналитикалык сайттардын баары бир булакты көрсөткөн. Ал-«Информатор».

Анда каргашалуу окуя 13-июнда саат 11 де Соломен районунун консультациялык-диагностика бөлүмүндө болгону айтылат.  «Информатордун»  журналисттери окуя болгон жерге барып келгенин айгинелеген тиешелүү сүрөттөр бар. Украиналык дагы бир   «Obozrevatel» сайты окуянын эртеси күнү, 14-июнда бейтаптын өлүмү тууралуу кененирээк жазып, милиция кызматкерлери келгиче жансыз дененин бейтапкананын коридорунда туруп калышынын себебин жазган. Бейтап 1947-жылы туулган. Аны ооруканага кызы алып келген. Бирок күтүлбөгөн жерден жан берген кемпирдин өлүмүнүн себебин аныктоо керек эле.  Андыктан дарыгерлер милиция кызматкери келгиче  бейтаптын денесин ордунан жылдырууга укугу жок болгон.

Мындан тышкары окуя тууралуу Facebook колдонуучусу өз баракчасына жазып чыккан.

Дагы бир көңүл бурчу жагдай, украиналык ЖМКларда жаңылык 13-июнда жарыяланганына карабай, эртеси күнү чет өлкөлүк ЖМКлар маалыматты апыртып бере баштаган.  Мисалы, «Спутник – Таджикистан» маалыматты: «Бейтап  өз кезегин күтүп жан берген. Дарыгерлер жансыз дененин бир нече саттан кийин гана байкаган» деген аталышта чыгарган.

Жыйынтык:

Макала ырасталды. Каргашалуу окуя чын эле Киевдин бейтапканаларынын биринде болгон.