Кайра плагиат: Президенттин администрациясы “ЖМК жөнүндө” мыйзамды орустардын мыйзамынан көчүрүп алган

Кайра плагиат: Президенттин администрациясы “ЖМК жөнүндө” мыйзамды орустардын мыйзамынан көчүрүп алган

Сүрөт “Азаттыкы”

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. Factcheck.kg редакциясы мыйзам долбоорун изилдеп, анын уникалдуулугун текшерди.

Копипаст

Тексттин уникалдуулугун текшере турган кызматты колдонуп, бул мыйзам долбоору дээрлик толугу менен Орус Федерациясынын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамынын көчүрмөсү экенин аныктадык.

Документте кезиккен 53 беренеде окшоштук 66%дан 100%га чейин түзгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, айрым гана беренелерде окшоштук салыштырмалуу аз болгон: №1 – 66%, №33 – 65%, №4 – 71%. Калгандарында айырмачылык “Российская Федерация” дегендин ордуна “Кыргыз Республикасы” деген жазууда гана болгон.

Мисалы, 1-беренеде биринчи сүйлөмда гана айырмачылык бар. Жаңы мыйзам долбоорунда “Кыргыз Республикасында ар бир адам өзүнүн көз карашын жана пикирин эркин билдирүүгө, аларды басма сөздө жана башка массалык маалымат каражаттарында жайылтууга, алар аркылуу коомдук жана мамлекеттик турмуш тууралуу аны кызыктырган ар кандай маселе боюнча маалымат алууга укуктуу”, - деп жазылган.

Орус мыйзамында мындай жазуу жок. Бирок экинчи жана үчүнчү пункттары КР мыйзам долбоорунда дээрлик толугу менен кездешет.

 

Мыйзам долбоорун сунуштоого эмне себепкер болду?

Негиздемеде мындай чечим “КРдын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” колдонуудагы мыйзамынын эскиргендигине байланыштуу” кабыл алынды деп айтылат. Учурдагы мыйзам долбоору 1992-жылы кабыл алынып, кийинки жылдары документке өзгөртүүлөр жана толуктоолор гана киргизилип турган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын билдирүүсү боюнча, “колдонуудагы мыйзамдын укуктук ресурсу түгөнгөн, учурдагы коомдун талаптарына жооп бербейт, ошондуктан жаңы мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы айтпастан да түшүнүктүү”.

Андан сырткары өткөн кылымдын 90-жылдардын жарымынан кийин Кыргызстан глобалдык маалыматтык коомдун бөлүгү болуп калганы белгиленет.

“Бүгүн Интернет күнүмдүк жашоонун кадыресе бир бөлүгү болуп калды. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жаңы түрү — тармактык ЖМКлар пайда болду. Ошол эле кезде колдонуудагы “ММК жөнүндө” мыйзамда “Интернет” санариптик телекоммуникациялык тармагы укуктук жактан эч бир жөнгө салынган эмес. Канчалык узак алар укуктук белгисиздикте болушса, коомго, мамлекетке жана жарандарга ошончолук жаман”, - деп айтылат негиздеме.

Учурдагы мыйзамга салыштырмалуу жаңы мыйзам долбоорунда укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча көп өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, алар киргизилсе адамдын сөз эркиндиги жана өз оюн билдирүү укуктары  чектелишинин ыктымалдыгы жогорулайт.

Документтин концепциясы төмөнкүдө:

  • Чет элдик ЖМКлардын ишмердүүлүгүн чектөө. Мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик ЖМКлар ыйгарым укуктуу органдарда катталгандан/аккредитация алгандан кийин гана Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзө алат. Келечекте Кыргызстандын маалыматтык чөйрөсү сырткы дүйнөдөн бөлүнүп калуу коркунучу бар;
  • Веб-сайттар ЖМКга теңелип, каттоодон өтүшү керек болот, ал эми алардын ишмердүүлүгү мамлекет тараптан катуураак көзөмөлгө алына баштайт;
  • Маалыматты тактоосуз жарыялаганга тыюу салуу аркылуу ЖМКлардын гана эмес, жалпысынан Интернет-мейкиндигиндеги сөз эркиндигин чектөө аракети байкалат. Бул тыюу медиаларга гана таасир тийгизбестен, сөз эркиндигине, өз оюн билдирүүгө укуктарын колдонуп жаткан жеке адамдардын да — блогерлердин, укук коргоочулардын, жарандык активисттердин ж.б. ишмердүүлүгүн чектеши мүмкүн;
  • ЖМКлардын ишмердүүлүгүн убактылуу же толугу менен токтотуу жана ЖМКнын мамлекеттик каттоо күбөлүгүн жараксыз деп табуу аркылуу ЖМКны күчкө салып жабуу мүмкунчүлүктөрү кеңейет. Бир жылда бир учурдан көп бузуулар катталган маалда ЖМКлардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча катаал чаралар сунушталууда. Ошол эле кезде бузуунун оордугу аныкталган эмес;
  • ЖМКны каттоо жана кайра каттоо процедуралары татаалдаштырылган, ыйгарым укуктуу органдарга берилүүчү маалыматтардын тизмеги көбөйгөн. Андан сырткары, каттоодон өтүш үчүн болжолдуу тематиканы, адистешүүнү билдирүү керек: мезгилдүүлүгү, ЖМКнын максималдуу көлөмү, каржылоо булактары, негиздөөчүсү, ээси, башкы редактору тууралуу маалыматтарды ж.б.д.у.с.;
  • Мыйзам долбоорунда 2023-жылдын 1-июнуна чейин баардык ЖМКлар кайра каттоодон өтүшү керектиги жазылган. Кайра каттоодон өтпөгөн ЖМКлар жоюлган деп табылат.

“Адилет” Укуктук клиникасынын” укуктук талдоосу боюнча, мыйзам долбоорунда “адамдын өз эркин билдирүү укуктарынын кепилдиктеринен негизсиз жана мыйзамсыз чегинүү тобокелдиктери бар. Долбоордо сунушталган бир катар нормалар укуктук аныктуулуктун негизги принцибине туура келбейт, бул иш жүзүндө мыйзамды өзүм билемдик менен колдонууга алып келиши мүмкүн, ал эми айрым беренелерде дискриминациялык мамиле байкалат”.

“Медиа Полиси Институтунун” юристтеринин экспертизасында, сунушталып жаткан “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору — коомду ага кереги жок продуктуну керектөөгө мажбурлоо сыяктуу эле аракет болуп эсептелет деп айтылат.

“Көз карандысыз ЖМКлардын, эркин журналисттердин вазийпасы — башкаруудагы системалык каталар же анда байкалган кризис тууралуу кеч боло электе коомду кабардар кылуучу тынчсыздануу баскычы, өрт сигналы болуу. Маселелердин журналисттер тараптан чагылдырылышы коом ыйгарым укук берген бийликке кетирилген ката чечимдердин кесепеттеринин алдын алууга же аларды азайтууга мүмкунчүлүк берет. Бирок кээде журналисттердин иликтөөлөрү бийликтегилердин айрым жеке кызыкчылыктарына коркунуч жаратат. Алардын үнүн басыш үчүн ушул мыйзам долбоору сунушталууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тыянак: Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматы коомдук талкууга алып чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору 66%дан 100%га чейин Орус Федерациясынын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамына окшош.