Адамдын ата-бабасынын бою үч метрдей, салмагы 300 кг ашык болгонбу? Текшеребиз

Коомдук тармактарда таркатылып жаткан билдирүүдө Техастагы Глен-Роуз шаарынын жанында Пэлакси дарыясында эбегейсиз чоң өлчөмдөгү буттин изи табылгандыгы айтылат. Анын узундугу 35,5 см, ал эми туурасы дээрлик 18 см түзөт. Палеонтологдордун айтымында, бул из аялга таандык имиш.

“Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул изди калтырган адамдын бою болжолдуу 3 метр, ал эми салмагы 300 кг айланасында болууга тийиш”, – деп айтылат билдирүүдө.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү.

Бул экспонатты биз Техас штатындагы Дүйнө жаралышына далилдер музейинин сайтынан таба алдык. Ал Burdick Track деп аталат.

Алардын маалыматы боюнча, бул адам бутунун изи бор мезгилине (145-65 млн жыл мурун) таандык жана ал Глен-Роуз шаарынын жанынан табылган. Археологдордор арасында анын так формасы боюнча көп убакыт талаш-тартыштар болуп, ал колго кесилип жасалган болушу мүмкүн деген божомолдор да айтылган.

“1990-жылы директор Карл Боуг жана геолог Дон Паттон издин аныктыгын текшерүү боюнча чоң изилдөө жүргүзүшөт. Из дарыядан көп жыл мурун алынгандыктан, биринчи кезекте из алынган жерди табуу керек болот. Глен Роузда көп жылдан бери жашагандардын жардамы менен ал жер табылат. Бир нече күндүк издөөлөрдөн кийин Кросс-Бранч суусунда курамы окшош катмар табылган”, – деп айтылат музейдин сайтында.

Андан кийин Далластан келген археолог Корделл Ванхьюз изди туурасынан кескен. Кесилиши көрсөткөндөй, таштагы структуралар согончоктун контурундай болгон. Андан сырткары, манжалар жакта да из түшкөн зат басымга жараша манжалардын формасын алганы даана байкалган, демек бул из кол менен кесилип жасалган эмес. Издин туурасы ½ дюймду  ( ≈ 15 см ) жана узундугу 14 дюймлу (≈ 35 см) түзөт. Анын туурасы ошол кездеги адам издериникиндей. Ал эми анын узундугу адамдын бою 7 фут айланасында (≈ 213 см) болушу керектигин көрсөтөт.

Ошол эле кезде Улуттук билим берүү илимий борбордун (NCSE) маалыматтары боюнча, Техас штатындагы Пэлакси суусунда табылган из колго кесилип жасалган.

Окумуштуулардын тыянагында, манжалары өтө эле узун, бармагы өтө эле ичке, таманы өтө эле жазы келип бир аз алдыга жылып турат, ал эми чыпалагында ташты кесүү издери байкалат.

“Уста азыркы адамдын бутунун изине окшоштургусу келген окшойт”.

Ошондой эле, байыркы замандарда алп денелүү адамдардын болгондугу тууралуу тийиштүү маалыматтар жок.

“Окумуштуулар аныктаган бою “эң узун” адамдын түрү Homo erectus’тун бою 1,5-1,8 м болгон, бирок ал дагы Техас штатындагы Пэлакси суусунун жанында табылган изди калтыра алмак эмес”, – деп айтылат макалада.

Тыянак: далилденген эмес. Ушундай чоң өлчөмдөгү адамдын ата-бабалары болгондугу тууралуу илимий далилдер жок.