Советбек Зикиров, “Аруузат-Эл-Куту”: “Аймактарды өнүктүрүү программасы иштелип чыккан эмес”. Жалган

Бүгүн, 22-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.

Дебатта “Ишеним”, “Альянс”, “Ынтымак” жана “Аруузат-Эл-Куту” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

“Аруузат-Эл-Куту” партиясынын талапкери Советбек Зикиров талкуу учурунда “аймакты өнүктүрүү боюнча эч бир программа иштелип чыккан эмес” деп билдирди. Factcheck.kg бул билдирүүнү текшерди.

Чынында, Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга карата Регионалдык саясатынын Концепциясы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы N 194 токтому менен сунушталган. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтында эки документ тең жайгаштырылган.

Мындан тышкары, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы иштелип чыккан, документ аймактарды да камтыйт.

Жыйынтык: жалган. “Аймактарды өнүктүрүү программасы иштелип чыга элек” деген билдирүү чындыкка дал келбейт.