Телефон шылуундары тууралуу билдирүүлөрдү текшеребиз

(Русский) Сообщение о телефонных мошенниках распространяется через мессенджеры и соцсети. Правда или фейк?

WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары телефон шылуундары тууралуу маалыматты кеңири жайылта баштады. Билдирүүдө белгисиз номер көрсөтүлүп, мындай деп айтылат: «Номерден келген чалууларды кабыл албаңыз жана өзүңүз кайра чалбаңыз: сиздин контактыларыңызды көчүрүп алышат. Эгерде чөнтөк телефонуңузда банк же кредит карталарыңыз тууралуу маалымат болсо, аны да шылуундар жүктөп алат». Мындан тышкары, шылуундардын ИГИЛ террористтик уюмуна тиешеси бар деген божомол айтылып жүрөт.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/5a1d00ddf30c754e545d36b1e93d97495e8ad819.png?resize=640%2C1331

Билдирүүдөгү номерди EyeCone тиркемеси аркылуу тешкерип көрүп, анын Соломон аралында катталганын аныктайбыз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/6a2ca3eb078d9aae2ff0284654dbfc4e62957848.jpg?resize=640%2C1332

Социалык тармактардын колдонуучулары да табышмактуу номер тууралуу маалыматты жайылткан.

Бул маалымат чындыкка дал келеби же колдонуучуларды коркутуу максатында пайда болгонбу, Factcheck.kg териштирди.

Маалымат «Рамблер новости» аттуу сайтка шилтеме берет. Ага ылайык, макала 2017–жылдын 6-октябрында жарыяланган. Бирок бул алгачкы булак эмес. Макаланын аталышы аркылуу издөө салганыбызда, маалымат алгач austria-today.ru аттуу орус тилдүү жаңылык сайтында жайгашканын аныктайбыз.

 

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/d7149f1cf2e10e368c691e01467440d5482ff813.jpeg?resize=640%2C305сол тарапта «Рамблер» сайтынан, ал эми оң тарапта  austriatoday.ru сайтынан алынган скриншоттор 

 

Мындан тышкары,  жогорудагы макалаларда heute.at аттуу маалымат-жаңылык сайты тууралуу кеп козголгон. Андагы макалалардын негизинде кийинки материалдар даярдалган.

Аталган сайттан тышкары, шылуундар тууралуу маалыматты башка да ресурстардан тапса болот. Макаланын аталыштары дал келбесе да, текст аркылуу издөө жакшы жыйынтыктарды берет.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/240fed0087349f1ca6dc4e3a054c1232fee48ded.png?resize=640%2C980

Булак катары көрсөтүлгөн австриялык ресурстан  «Ping Calls» деп жазып издөө салабыз. Себеби, биз издеген телефондук көз боемочулуктун түрүн  austria-today.ru сайты дал ушундай атаган. Издөөнүн жыйынтыгында 2017-2018-жылдары жарык көргөн төрт макала табылды.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/58278410ea637eab924286c42afec719394d4a2a.png?resize=640%2C764

Бардык материалдарда Европа өлкөлөрүндө шылуундуктун жаңы түрү кеңири жайылганы айтылат. Бул тууралуу austria-today.ru сайтында да жазылган.

Макалалар менен таанышып көрүп, бул көйгөй бир нече жыл мурун эле пайда болгон жана орус тилдүү интернет айдыңында көптөн бери айтылып жүрөт деген жыйынтык чыгарабыз. Тиешелүү маалыматты Google, Yandex жана башка издөө сайттарынан: «телефонные мошенники», «Ping calls», «One call», «звонки с незнакомых номеров» деп тапса болот.

Телефон шылуундугунун бул түрүн изилдеп көрүп, Factcheck.kg окурмандарга бир нече кеңеш сунуштайт.

1. Белгисиз номерлерден сизге чалуулар келсе, ар дайым этият болуңуз. Ал кайсы номерден чалып атканын, номер кайсы өлкөгө таандык экенин алгач аныктап көрүңз. Көп учурда шылуундар атактуу уюлдук компаниялардын коддоруна шайкеш келген номерлерди тандап алышат.  Мындай номерлерден келген чалууларга жооп бербеңиз, себеби ал үчүн сиз төлөп калышыңыз ыктымал.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/c83727836bce4d0436a5860295ca70632c6442ec.jpeg?resize=640%2C359

2. Белгисиз номерлерден, айрыкча чет өлкөлүк коду бар номерден келген чалууларды кое берсеңиз, эч убакта кайрадан байланышпаңыз. Себеби алардын эң негизги максаты – сиз менен телефон аркылуу байланышууңуз.

Жыйынтык:

– Телефон шылуундары тууралуу билдирүүлөрдүн мазмуну чыкдыкка дал келет. Көз боемочулуктун бул түрү кулачын кеңири жайганына байланыштуу, уюлдук операторлор да ал менен күрөшүп келет. Көпчүлүк учурда Европа өлкөлөрүнүн тургундары шылуундардын курмандыгына айланат. Бирок, көз боемочулуктун чеги жок экенин жана шылуундарын капканына түшүп калуу коркунучу ар бирибизде бар экенин унутпоо зарыл.