Кара-Суудагы базар башчысынын кош жарандыгы барбы? Текшеребиз

Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарынын директору Нурбек Эргешовдун кош жарандуулугу бар экени тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады. Анда Курбаналиев Нурбек Тойчубекович ысымы бар документ тиркелген. 

 

«Т-Медиа» маалыматтын чын-бышыгын текшерип көрдү.

Орусиялык паспорту жарактуу

Нурбек Курбаналиевге таандык паспорт Орусиянын ИИМнин миграция башкармалыгынын базасында бар. Документтин жарактуулугун текшергенибизде, жараксыз паспорттордун тизмесинде жок болуп чыкты.

 

Бул жаран учурда жалпы жарандык паспортко да (загранпаспорт) тапшырган эмес.

Нурбек Эргешов (Курбаналиев) Кара-Суу шаарындагы «Туратали» мамлекеттик базарына директор болуп 2021-жылдын 16-декабрында дайындалган. Орусиянын бирдиктүү салык кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, ал Москвадагы «Көк бөрү сүйүүчүлөр клубу» ЖЧКсынын тең төрагасы.

Кош жарандыгын таңган жок

Биздин редакция Курбаналиев менен байланышканда, кош бар экенин жана паспортто аты-жөнүн өзгөрткөнүн ырастады. Анын айтымында, бир ай мурда орус паспортунан баш тартуу боюнча ал өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигине арыз жазган.

 «Бир ай мурда тапшырып койдум эле. Бирок жооп келе элек. Кыргызстандын жарандыгынан эч качан баш тарткан эмесмин. Фамилиямы өзгөрткөнүм чын. Курбанали чоң атамдын атасы. Эргеш андан кийинки чоң атам. Ал эми Тойчу өзүмдүн атам», -деп жооп берди ал.

Мыйзам жол бербейт

«Туратали» базары 1994-жылы негизделип, 2008-жылы мамлекетке өткөрүлгөн. Мыйзам боюнча кош жарандыгы бар адамдар депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт. Тактап айтканда Мамлекеттик ишканалар жөнүндөгү жобонун 48-беренесине ылайык, кош жарандуулугу же башка өлкөдө жашоо укугу бар болгон жарандар мамлекеттик мекемелерди башкарганга укугу жок.

Юрист Замир Пусуртегиндин пикири боюнча, Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Демек, эки өлкөнүн паспортун колдонуп жүргөндөрдүн мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштеп жатканы түздөн-түз мыйзам бузуу болуп эсептелет.

«Негизи Кыргызстанда кош жарандуулукка тыюу салынган. Бир өлкөнүн жараны гана болушуң керек. Кош жарандыгы бар адамдын мамлекеттик кызматта иштеп жатканы түздөн-түз мыйзам бузуу. Эки паспорт менен жүргөндөр мамлекеттик мекеме болобу, орган же муниципалдык ишканада иштегенге укугу жок», -дейт Пусуртегин. 

Жыйынтык: Нурбек Эргешовдун кош жарандуулугу бар экени чын.