Кытайда пенсия курагы чын эле төмөндөйбү?

Кытайда пенсия курагы төмөндөйт деген маалымат социалдык тармактарда кеңири тарады. Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Кытайда пенсия  реформасы жүргүзүлөрү тууралуу макала  май айында тараган.

Макалада Кытайда пенсия курагы төмөндөрү айтылып, аялдар үчүн 50 жаш, ал эми эркектер  үчүн 55 жашты түзөт деп белгиленген. Factcheck.kg маалыматтын чын-төгүнүн аныктап көрдү.

Макаланын авторлору «МирТесен» ресурсуна шилтеме кылган. Анда  «Геополитика: сценарии и прогнозы» аттуу материал жарыяланып, Кытай өлкөсүндө жакынкы арада пенсиялык реформа болору жазылган.

Макалага бекитилген сүрөттөрдү google аркылуу текшере турган болсок, алардын пенсия темасына эч кандай тиешеси жок экени аныкталат.

Биринчи сүрөт  Орусия президентинин сайтынан алынганы белгилүү болду. Ал 2016-жылдын 25-июнунда Пекинде болгон Орусия жана Кытай өлкөлөрүнүн арасындагы сүйлөшүүлөрдүн убагында тартылган.

Ал эми экинчи сүрөт 2017-жылдын 20-апрелинде   Regnum маалымат агенттигинин  «Мягкая сила» Китая: «Помогать, невзирая на внутреннюю политику партнеров» аттуу макаласына карата пайдаланган коллаж болгон.

Ал материалда автор шилтеме көрсөткөн. Бирок шилтеме аркылуу өтүп, эч кандай жыйынтыкка келбейбиз, себеби көрсөтүлгөн ресурс иштебейт.

Маалыматты тактоону улантабыз. Алгачкы маалымат булагын аныктоо үчүн биздин макалага окшош дагы башка материалдарды издейбиз.

C:\Users\Yaroslav\AppData\Local\Microsoft\Windows\INetCache\Content.Word\Opera Снимок_2019-06-04_135820_www.google.com.png

Табылган сайттардын арасынан эң биринчи болуп чыкканы –  фейк жаңылыктарды жана сатираларды жарыялаганы менен белгилүү болгон  «Панорама» ресурсу.

Андагы текстти окуган соң, биздин макаладан бир аз айырма бар экенин байкайбыз. Буга байланыштуу эки макаланын текстин салыштырып көрөбүз. Ал үчүн  http://text.num2word.ru/  аттуу онлайн куралды пайдаланабыз.

 

 

 

 

 

Дал келген сөздөр жана сөз айкалыштары жашыл түс менен боелду. Дал келишпеген жерлер да дароо байкалды.  Андыктан макала алгач 2018-жылдын 30-июлунда “Панорамада”, ал эми 5 айдан соң, 2018-жылдын 3-декабрында “Миртесен” сайтына бир аз өзгөрүү менен илинген деген тыянакка келебиз.

Пенсия курагын төмөндөтүү тууралуу маалыматты башка булактардан  тактап көрөлү. Мындай маалымат башка сайттарда да жайгаштырылган. Биздин макалага окшош жаңылык  Fun-Gate.ru сайтында да бар, бирок анда  алгачкы булак көрсөтүлгөн эмес. «Правда19.ру» сайтында макаланын тексти «МирТесендин»  макаласына куюп койгондой окшош.  Ошол эле жаңылыкты Резонанс.kz билдирип, иштебеген  zen.yandex.ru сайтын булак катары көрсөткөн.

Мындан тышкары «ЭКД! сайтында Кытайдагы пенсия реформасы тууралуу айтылат. Бирок анда пенсия курагы төмөндөбөстөн, жогорулайт деген маалымат берилген.

Кытайдын ECNS.cn аттуу жаңылык агенттиги  да 13 марта 2018 пенсия реформасы тууралуу жазып чыккан.  Аталган сайт жаңылыкты 2018-жылдын 13-мартында Эмгек ресурстары жана социалдык камсыздоо министринин сөзүнө шилтеме көрсөтүп жазышкан. Макалада 2018-жылдан тарта пенсия курагы  бара-бара жогорулары айтылып, пенсия курагы 2045-жылы эркектер жана аялдар үчүн бирдей, 65 жылды түзөрү белгиленген.

Мындан тышкары  “Москванын Карнеги борбору” сайты пенсия маселесин ийне-жибине чейин талдап, макалада көптөгөн маалымат булактарын көрсөтөт.

Жыйынтык: 

– Кытайда пенсия реформасы жүргүзүлүп жатканы чын. Бирок пенсия курагын төмөндөтпөстөн, аны жогорулатуу маселеси көтөрүлүүдө.