Түркияда отельерлерди орус туристтердин брондорун жокко чыгарууга мажбурлап жатышабы?

Орусиялык ЖМКлар жана Telegram-каналдар түркиялык отельерлер орусиялык туристтердин брондорун жокко чыгарып жатышат деген билдирүүнү таркатышты: “Балтия өлкөлөрүнөн туристтерди жиберген туркомпаниялар түркиялык өнөктөрүнөн алардын кардарлары жайгашкан мейманканаларда орусиялыктардын болбошун талап кылышты. Ультиматум 31-майга чейин коюлду жана ал ай сайын узартылып турушу мүмкүн. Туроператор мындай кысымдын алдында бардык отелдерге каттарды жөнөттү”.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы бул маалыматты текшерди.

Түрк ЖМКлары билдиргендей, дүйнөдөгү туристтик ири компаниялардын бири – германиялык TUI (Touristik Union International) – кызматташкан туроператорлордон брондорду жокко чыгарууну талап кылган. Орусияга карата киргизилген санкциялар буга себепчи болгон. Европадан Түркияга барган туристтердин бир топ бөлүгүн TUI тейлей турганын белгилей кетишибиз керек.

TUIге таандык Tantur Seyahat A.Ş. компаниясы мурда чогуу иштешкен отелдерге төмөнкү мазмундагы билдирүү жиберген: “Tantur компаниясынын Түркиядагы TI Travel LLC, TI Baltics SIA жана Borublita Holdings Limited үчүн бардык операциялары токтотулганын билдиребиз. Ошондой эле TI Travel LLC, TI Baltics SIA жана Borublita Holdings Limited компанияларына тийиштүү брондоо боюнча жаңы билдирмелер да кабыл алынбайт. Бул кат менен келишим силердин мейманкана менен Tanturдун ортосундагы келишимдин 9-беренесине ылайык токтотулганын кабарлайбыз”.

Билдирүүдө бул абал 31-майга чейин созулары белгиленет. Баардык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар өнөктөргө ар бир айда жиберилип турмакчы.

TUI Украинадагы согуш башталганда Tantur компаниясынын Түркиядагы орус бөлүмүн жапкан. 1-марттан баштап компания Орусияда жаңы Fun&Sun соода маркасы катары иштей баштады.

TUI кызматташа албаган туроператорлор:

TT Travel LLC – орусиялык FUN&SUN (мурдагы TUI Россия) туроператорго тиешелүү юридикалык жак.

TT Baltics SIA – Прибалтика компаниясы, ал Туркияга эс алууга туристтерди Орусиядан эмес, Латвия, Литва жана Эстониядан жиберет.

Borublita Holdings Limited – бул дагы орусиялык эмес компания, ал Түркияга туристтерди ар кайсы өлкөлөрдөн жиберчү, анын катарында Белорустан жана Казакстандан.

Орусиянын туроператорлор ассоциациясы (АТОР) Interfax маалымат агенттигине түшүндүрмө берди.

TUI Tantur компаниясында аталган компанияларга ээлик кылгандардын арасында санкциялык тизмекке кирген орусиялык юридикалык жактар болушу ыктымал жана ушуг байланыштуу “санкциялык тобокелдиктер” бар болушу мүмкүн деп чечишти окшойт. Бирок бул туроператорлордун брондоо мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши теориялык жактан алганда да орусиялыктарга эч бир таасир кыла албайт – бул туроператорлор жана туристтер орусиялыктар эмес.

Жакындан баштап FUN&SUN компаниясы (мурдагы TUI) бронду Tantur аркылуу кылганды токтотуп, Түркиялык башка компания менен кызматташа баштады. Компаниянын туристтери өз брондору боюнча эч бир маселесиз отелдерге жайгашып жатышат, туроператорлор билдирүүлөрдү жокко чыгарбай эле, программалар өз тартибинде ишке ашырылып жатат, туристтер үчүн эч кандай коркунучтар жок”, – деп билдиришти ассоциацияда.

Учурда FUN&SUN компаниясынын сайтында Түркияга турларды тандоо мумкүнчүлүгү иштебейт. Башкы бетинде анонс бар, бирок тийштүү шилтеме жок.

29-апрелге карата, бери дегенде АТОРго мүчө болгон эки орусиялык туроператор түркиялык отелдерди брондогонго мүмкүнчүлүк берүүдө, алар, Coral Travel жана TEZ TOUR.

(2 скрина сайтов: Coral Travel и TEZ TOUR)

Тыянак: жарым-жартылай чындык.

Германиялык туроператор TUI “санкциялык тобокелдиктер” бар деген таризде үч туркомпания менен кызматташууну токтотуп турууга барды. Бирок немис компаниясы менен эч бир байланышы жок Орусиянын башка турфирмалары мурдагыдай эле иштеп, брондоо кызматтарын көрсөтүп жатышат.