Улуу Британияда дүйнөлүк согуш тууралуу эскертүү мобилдик телефондорго жиберилет

Улуубританияда жакында ар бир телефонго согуштун башталышы же табигый кырсык тууралуу эскерткен тесттик билдирүү жибериле тургандыгы жөнүндө маалымат интернетте таркап жатат.

Анда британдык Daily Express маалымат булагына шилтеме кылуу менен “Ушул айдын соңунда же марттын башында Улуу Британиядагы ар бир мобилдик телефонго “улуттук эскертүү билдирүүсү” жиберилет. “Калкты табигый кырсык, согуштун башталышы, же пандемия тууралуу кабарлаган билдирүүлөр биринчи жолу жиберилет”, – деп айтылат.

Factcheck.kg редакциясы маалыматтын аныктыгын текшерип чыгууну туура көрдү.

Чынында эле британдык Daily Еxpress басылмасында бул тууралуу кыска жаңылык бар.

Ал эми кененирээк маалыматты Worldnewsera сайтынан таптык.

Андагы маалымат боюнча, жакынкы бир нече жума аралыгында табигый кырсык, согуштун башталышы же пандемия тууралуу эскертүү тестирлөөдөн өтөт.

“Улуу Британиядагы ар бир мобилдик телефонго “Улуттук эскертүү билдирүүсү” бул айдын аягында же марттын башында жиберилет, бирок элди дүрбөлөңгө салбаш үчүн анын алдында жарнамалык кампания уюштурулат”, – деп айтылат жаңылыкта.

Улуу Британиянын өкмөтүнүн сайтында да бул кызмат жаңы экендиги жана ал тестирлөөдөн өтүп жаткандыгы тууралуу маалымат бар.

Өзгөчө кырдаалда британдыктардын телефондоруна жана планшеттерине коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтар жана кеңештер келип турат. Ошол эле кезде өкмөткө эскертүү жиберүү үчүн адамдын телефон номурун же ал каякта экенин билүүнүн зарылчылыгы жок.

Британдыктарга эскертүү жиберүүнүн себептери төмөнкүлөр:

●       Катуу селдин жүрүшү же суунун капташы,

●       Өрттөр,

●       Экстремалдуу аба ырайы,

●       Коомдук саламаттык сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар.

Өзгөчө билдирүүлөрдү жибере ала тургандар:

●       Өзгөчө кырдаалдар кызматтары,

●       Өзгөчө кырдаалдар менен алектенген мамлекеттик ведомстволор, агенттиктер жана бийлик органдары.

Улуу Британия өкмөтүнүн маалыматы боюнча, эскертүү билдирүүсү келип түшкөндө телефон өчүк болсо да катуу сирена үнүн чыгарышы мүмкүн, титиреши мүмкүн жана керек болсо эскертүүнү үн чыгарып окуп бериши мүмкүн. Телефон 10 секундадай титиреп, андан үн чыгып турат.

Кошумча маалымат алганга билдирүүдө телефон номуру же GOV.UK сайтына шилтеме болот.

Билдирүүлөр адамдын жашаган жана иштеген жерине эмес, учурда кайсы жерде болгонунуна жараша жиберилет. Андан сырткары, эскертүү алыш үчүн телефондо геолокация кызматын жандыруунун зарылчылыгы жок.

Эскерте кетсек, Улуу Британиянын өкмөтү мурда да, 2020-жылдын мартында Covid-19га байланыштуу элдин үйдөн чыкпоосу тууралуу жалпы улуттук тексттик билдирүү тараткан болчу, бирок анда бул иш мобилдик байланыш операторлорунун жардамы менен жасалган.

Эскертүүнүн мындай ыкмасы АКШда эчак иштеп чыгарылып, колдонулуп келет. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары улуттук эскертүү системасын колдонуп аба ырайынын бузулушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдар тууралуу эскертүүлөрдү таркатып турат.

Тыянак: чындык. Улуу Британиянын бийлиги телефонго билдирүүлөрдү жиберүү жолу аркылуу коомчулукту кайсы бир кырсыктар, анын ичинде табигый, жаратылыш кырсыктары, же согуштун башталышы тууралуу маалымдоо ыкмасын сынамакчы.