Орусиялык ишкерлер мамлекеттик ишканалар үчүн сатып алуулар сайтын кантип башкарып жатышат

Министрлер кабинетинин тескемесин аткаруунун алкагында мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун сатып алууларын жүргүзүү үчүн «Тендерлердин бирдиктүү системасы» пилоттук режимде иш алып барууда. Сайт быйыл февралда иштей баштаган. 

Factcheck.kg’нин редакциясы «ЭК-Системанын» негиздөөчүсү болуп катталган бешөөнүн төртөөсү чет элдиктер экенин, болгондо да алардын бирөөсү Орусиянын аймактарынын биринде мамлекеттик сатып алуулар тармагында чоң кызматты ээлегенин жана анын бул кызматта турганында көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун аныктап чыкты. Кененирээк биздин материалда.

«ЭК-Система» жана жаңы сайт тууралуу эмне белгилүү

КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «ЭК-Система» ЖЧК быйыл 30-январда катталган. Ал эми «Тендерлердин бирдиктүү системасы» сайты эки жумадан кийин эле – 13-февралда иштей баштаган.

minjust.gov.kg сайтынан скриншот 

Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай: «ЭК-Системанын» аталышы (электрондук соода аянтча үчүн маалыматтык системаны берет) келтирилген министрлер кабинетинин пилоттук электрондук соода аянтчасын түзүү тууралуу тескемеси 2022-жылдын 23-ноябрында чыккан. Башкача айтканда, «ЭК-Система» юридикалык тарап каттары Юстиция министрлигинде катталганга чейин эки жарым ай мурда болуп жатат. 

minjust.gov.kg сайтынан скриншот

«ЭК-Системанын» каттоо документтеринде ишмердүүлүк деген графада фирма программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу менен алектенери жана чет элдиктердин катыштыгы бар экени көрсөтүлгөн.  

«Ачык бюджет» порталынын маалыматы боюнча, фирма тогуз ай аралыгында бир да сом салык төлөгөн эмес.

budget.okmot.kg сайтынан скриншот

«Эк-Системанын» ээлери

Компаниянын директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Шакитов, КР Финансы министрлигинин Facebook коомдук тармагындагы баракчасында көрсөтүлгөн маалымат боюнча, Финансы министрлигинин Окутуу борборунун тренери болуп эсептелет. Шакитов ошондой эле дүң соода менен шугулданган «Кречет ЛТД» ЖЧКнын жетекчиси. Бул компаниянын салык төлөмдөрү тууралуу маалымат «Ачык бюджет» сайтында жок.

Калган эки негиздөөчү Александр Лыбанев жана Олег Гафаров – орусиялык ишкерлер жана да бизнес-өнөктөр. Лыбанов жана Гафаров чогуу ООО «ЗАКУПЩИК.РУ» жана ООО «АТМО» ишканаларын башкарып келишет. «АТМО» компаниясы Башкортостан Республикасында (Орусия Федерациясынын субъекти) жайгашат жана маалыматтарды иштеп чыгуу жана маалыматтарды жайгаштыруу кызматтарын көрсөтөт. 2022-жылы 65 млн рубль киреше тапкан. 

«ЭК-Системанын» төртүнчү негиздөөчүсү катары Ирина Халзарова көрсөтүлгөн. Ал тууралуу ачык булактардан эч бир маалымат таба албадык. Бир гана ал чет элдик экени белгилүү, анткени ал ээси катары көрсөтүлгөн кыргызстандык эки фирма чет элдик катышуусу бар фирмалар деп катталган. Биринчиси – «Инвестиционная Компания Актулпар» ЖЧК, Халзарова бул фирманын жалгыз ээси болуп эсептелет. 

Экинчиси – «УТМ Инвест» ЖЧК. Фирма анын директору Улумкан Мамытов болгону менен кызыктуу. Ал бир кезде Соода-өнөр жай палатасына караштуу комитеттин алдындагы бөлүмдүн жетекчиси, экономика министринин кеңешчиси жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү институтунун директору болгон. Негиздөөчүлөрү экөө – Ирина Халзарова жана ачык маалыматтардан фармацевт катары белгилүү Салтанат Идинова.

Кантип бир «ЭК-Системаны» башкасы менен алмаштырышты

Бешинчи, бардык жагынан кызыктуу негиздөөчүгө, биз кечирээк кайрылабыз. Анткени ага чейин бизди бир суроо кыйнап келген эле, кантип жок фирманы өкмөттүн тескемесинде көрсөтүштү деген. Бул кандайча болгонун биз аныктай алдык. 

Быйыл январда «ЭК-Система» катталганга чейин, Кыргызстанда так ушул аталыштагы башка фирма бар болчу. Ал фирма эми «Инвестиционная Компания Актулпар» ЖЧК деп аталат. Аны жогоруда атаган элек. Анын жападан жалгыз ээси жана директору болуп Ирина Халзарова саналат.

Бардыгын ирети менен баштайлы: салык номуру «01806200910122» болгон юридикалык тарап биринчи жолу 2009-жылдын июнь айында катталган болчу. Андан бери, бизге белгилүү болгондой, ал кеминде төрт жолу кайра катталганга жетишкен. Биринчи кайра каттоо 2019-жылдын апрель айында болгон (ага чейин компаниянын ээси ким болгону белгисиз). Муну биз Teskep маалыматтар базасынан тактай алдык. Директору катары биз жогоруда атаган Улумкан Мамытов көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрү үчөө болгон:

  • Мамытов Улукман Эсенбекович – ошол эле кезде директор дагы;
  • Жукешов Тыныбек Шаршенбиевич – кыргызстандык ишкер;
  • Ибраев Рамис Нурбаевич – кыргызстандык ишкер;

Ишмердүүлүгү катары «башка категорияларга кирбеген башка маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр» жазылган:

Фирма 2021-жылдын мартында кезектеги кайра каттоодон өткөн, бул тууралуу документ Teskep’те сакталып калган. Директору Исагалиева Алия Мирлановна болгон. Ал жана Ирина Халзарова фирманын негиздөөчүлөрү катары көрсөтүлгөн. Ишмердүүлүгү «коммерциялык ишмердүүлүк жана башкаруу маселелери боюнча консалтинг» деп өзгөртүлгөн.

Үчүнчү кайра каттоо 16-январда, башкача айтканда, жаңы «ЭК-Система» фирмасы катталганга чейин (30-январь) эки жума мурда болгон. Ошого байланыштуу мурдагы «ЭК-Система» жаңы «Инвестиционная Компания  Актулпар» деген аталышка өткөн болушу мүмкүн.

Директору Мамытов Эламан Эсенбекович (аты-жөнүнө караганда Улукмандын бир тууганы) болгон. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, ал 2018-жылы КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору болгон. 

Негиздөөчүлөрү тууралуу бөлүктө эч ким көрсөтүлгөн эмес. Бирок ишмердүүлүгү менен дареги ошол бойдон калган:

Төмөндөгү скриншот төрт кайра каттоонун үчөөсү окшош экенин айгинелейт, Салыктын идентификациялык номерлери бирдей:

Ошентип, бир нече айдан кийин бир нече кайра каттоодон өткөн компания OsOO.kg маалыматтар базасында көрсөтүлгөн азыркы абалына келген. 2023-жылдын май айында негиздөөчүлөрүнүн катарына Ирина Халзарова кайтып келген жана директору болуп калган. Ишмердүүлүгү ошол бойдон калган:

«Ачык бюджет» мамлекеттик порталынын маалыматы боюнча, акыркы төрт жылда (2020-2023) фирма бюджетке бир да сом салык которгон эмес.

Пикселдик балатылар жана миллиондогон чыгымдар

Негиздөөчүлөргө кайрылабыз. «ЭК-Система» ЖЧКнын бешинчи негиздөөчүсү катары Булатов Денис Наильевич көрсөтүлгөн.

Денис Булатов

Ал 2017-жылдын июнунан 2029-жылдын январына чейин Орусиянын Москва облусунда «Красногорский центр торгов» муниципалдык мамлекеттик мекеменин директору болуп иштеген.

2019-жылы Башкортостан Республикасында Атаандаштык саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалган. Бул орган сатып алуулардын ачыктыгына жана айкындыгына жооп берет. 2021-жылы ал өз эрки менен кызматынан кеткен. 

Бирок ал жумушунан кетердин алдында, орусиялык «Пруфы» басылмасынын маалыматы боюнча, 2020-жылы Орусия Федерациясынын Федералдык монополияга каршы кызматы 129 эскертүү берип, Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу деген негизде 81 ишти караган. Ошондой эле Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 884 административдик укук бузуу фактыларын териштирген.

Ошондой иштердин бири жападан жалгыз жабдып туруучу мекемеден пикселдик балатыларды сатып алуу болгон, бул 24 млн рубль өлчөмүндөгү чыгымга кириптер кылган. Белгилей кетүүчү жагдай, ошондо Башкорттостанга 115,5 млн рублга балатыларды саткан фирма өз кезинде Красногорскиде ондогон миллион рублдук тендерлерди бир нече жолу утуп алган болчу. Бул келишимдердин бардыгына Радий Хабиров Красногорскинин мэри болуп турган кезде кол коюлган болчу. 2019-жылы Хабиров Башкортостандын жетекчиси болгондо, Денис Булатов бул республикада Атаандаштык саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалган.

Пандемия маалында жогорулатылган баада дары-дармектерди жана жабдууларды жеткирүү боюнча түз келишимдер түзүлгөнү белгилүү. Мындай жабдуулардын катарына компьютердик томографтар жана дем алдыруучу аппараттар кирген. Пандемия учурунда сатып алуулардын көлөмү 2 млрд рублду түзгөн.  

Булатов өз эрки менен кызматынан кеткенден бери ал тууралуу эч бир маалыматтар болгон эмес. Бир гана быйыл майдын аягында жеке ишкер катары Волгоградда (Орусия) катталганы белгилүү.

Тыянак: 

Министрлер кабинетинин тескемеси чыкканына эки ай болгондон кийин жаңы «ЭК-Система» ЖЧКнын катталышы жана ушул эле аталыштагы алгачкы фирманын бир нече жолу кайра каттоодон өтүшү көп суроолорду жаратат.

Беш негиздөөчүнүн төртөөсү – чет элдик жарандар. Алардын бири орусиялык аткаминер, ал өз кезинде башкарган мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы жана айкындыгы боюнча мекемеде монополияга каршы мыйзамдарды бузуу фактылары аныкталган.

Билдирме

«Тендерлердин бирдиктүү системасы» (ТБС) – мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун сатып алууларын жүргүзүү үчүн долбоор.

Долбоорго катышкан кардарлардын тизмеги төмөнкүдөй:

  1. «Альфа-Телеком»,
  2. «Кыргызтелеком»
  3. «Кыргызалтын»
  4. «Кыргызнефтегаз»
  5. «Айыл банк»
  6. «РСК банк»
  7. «Кыргыз темир жолу»
  8. «Кыргызаэронавигация»
  9. «Кыргызкөмүр»
  10. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы Объекттерди башкаруу боюнча дирекция