«Sputnik-Тажикстан» бир сутка ичинде макаланын өзөгүн алмаштырдыбы? Текшеребиз

29-майда «Sputnik-Тажикстан» «Талкаланган Хистеварз: кыргыз-тажик жаңжалынын кесепети аттуу» фотобаян жарыялаган.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүп, тажикстандык делген шаар чынында кыргыз айылы экенин аныктап, «Sputnik-Тажикстан» маалыматты бурмалаганын ачыкка чыгарган. Factcheck.kg  бул материалды 2021-жылдын 1-июнунда жарыялаган. Ал эми 2-июнда «Sputnik-Тажикстан» материалын өзгөрткөндүгү тууралуу окурмандарыбыз кабарлады.

Биз тажикстандык басылманын макаласын текшерип көрүп, андагы маалымат 2-июнда саат 15.01 алмашылганына ынандык.

 

web.archive.org сервиси аркылуу 29-майда жана жарык көргөн макала менен өзгөргөн макаланы салыштыруу мүмкүн болду.

Баштемадагы «Талкаланган Хистеварз» сөз айкалышы алынып салынган экен, ал эми шаар өзү мурда «эң көп жабыр тарткан» болсо, жаңы макалада  «эң аз жабыр тарткан» болуп өзгөрүптүр.

Жыйынтык: чындык. «Sputnik-Тажикстан» 2-июнда окурмандарына эскертпей туруп, макаланын өзөгүн алмаштырган.