(Кыргыз) Аймен Касенов: “Президенттик шайлоо менен референдумга 800 млн сом сарпталат”. – Манипуляция

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Президенттик шайлоого жана референдумга сарптала турган каражаттын суммасы тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Бирок ага байланышкан башка сандарга кайрылсак.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Жогорку Кеңештин 26-ноябрында өткөн жыйынында шайлоого 853 млн сом сарпталганын айткан.

Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кеткен каражат да бар.

Ал эми 26-октябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоого 549, 2 млн сом сарпталарын айткан.

Жыйынтык: манипуляция.