Аймен Касенов: “Президенттик шайлоо менен референдумга 800 млн сом сарпталат”. – Манипуляция

Президенттик шайлоого жана референдумга сарптала турган каражаттын суммасы тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Бирок ага байланышкан башка сандарга кайрылсак.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Жогорку Кеңештин 26-ноябрында өткөн жыйынында шайлоого 853 млн сом сарпталганын айткан.

Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кеткен каражат да бар.

Ал эми 26-октябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоого 549, 2 млн сом сарпталарын айткан.

Жыйынтык: манипуляция.