(Кыргыз) “Эмгек” партиясынын фондуна 100 миң сомдон которгон студенттер, дарыгерлер жана жумушсуздар. Иликтөө

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11-апрелде Бишкек шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгында “Эмгек” саясий партиясы шайлоочулардын эң көп добушун (13.87%) алып, 10 мандатка татыган эле. 

Бир айдан соң, тагыраагы 12-майда аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Комиссия мүчөлөрү “Эмгек”, “Ак Бата” жана Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) алган добуштарды жараксыз деп жарыялады. 

Бирок, 18-майда БШК “Эмгек” партиясынын арызын канааттандырды. Эске салсак, аталган партия аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине макул эместигин билдирген. 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан шайлоо өтөрү тууралуу БШК маалымдаган. 

“Эмгектин” эмгеги

“Эмгек” саясий партиясы шайлоо өнөктүгүн гана жеңип албастан, шайлоо фондунун өлчөмү менен да алдыга чыккан.  Партия ар түрдүү булактардан жалпы жонунан дээрлик 12.8 млн сом чогултканга жетишип, топтогон каражатын жарнамага жумшаган. 

Жарнама радиодо жана телеканалдарда, сайттарда жана кинозалдарда, мындан тышкары, баннерлер менен үгүт материалдарына жайгаштырылган.  Бардыгы болуп рекламага  11 млн сом же жалпы фонддун 85%ы сарпталган.

Factcheck.kg саясий партиянын шайлоо фонду эмненин эсебинен чогулганын изилдеп көрдү.

Биз фондго каражат которгон адамдардын тизмегине саресеп салып, алардын арасында талапкерлер, студенттер, дарыгерлер, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жумушсуздар бар экенин аныктадык. Бул жарандар “өз чөнтөгүнөн” “өз ыктыяры менен” 100 миң сомдон которгон экен.  

Эске салсак, мыйзамга ылайык, партиялардын шайлоо фонду партиянын, анын талапкерлеринин, мындан тышкары физикалык жана юридикалык жактардын жеке каражаттарынын эсебинен түзүлөт. 

Талапкерлер менен физикалык жактар 100 миң сомго чейин которо алат. Ал эми партия өзү фонддун эсебине 500 миң сомдон ашпаган каражатты которууга укуктуу.

Элдин акчасы

Партияга демөөрчүлүк кылган жарандар бардыгы болуп фонддун 70%ын же 8.6 млн сомду чогултканга жетишкен. Жалпы жонунан 86 адам “өз капчыгынан” 100 миң сомдон которгон. 

Алардын арасында 1999-2001-жылдары төрөлгөн Кыргыз Улуттук Университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университенинин жана Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин студенттери бар. Студенттердин басымдуу бөлүгү кыздар. Тизмектен Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун ординаторун да көрсө болот. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, жаш дарыгердин болжолдуу айлыгы 6-8 миң сомду түзөт. 

Мындан тышкары, тизмекте мамлекеттен пособие алган жарандар жана Ленин райондук салык кызматынын камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу бөлүмүнүн башчысы да жүрөт. 

“Демөөрчүлөрдүн” арасынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөн адамды дагы таба алдык. 

Тизмектеги жумушсуз талапкерлер менен ыктыярчылар

Фонддун 26%ы же 3.3 млн сому талапкерлердин өз капчыгынын эсебинен чогулган. Алар дагы фонддун эсебине 100 миң сомдон төккөн. Эң кызыгы,  каражат которгон талапкерлер партия тизмегинин сап башында эмес, этегинде турат. Тизмекке ылайык, алардын шаардык кеңешке депутат болуп келишине кымындай да мүмкүнчүлүгү жок. 

Тизмекте 12-орундан тарта 73-орунга чейинки турган 31 талапкер фондго 100 миң сомдон которгон. Ал тизмектин сап башында турган талапкерлердин арасынан эки гана талапкер, Жаныбек Абиров (№1) менен  Бактыбек Абдиев (№7) фондго каражатын сарптаган. 

“Демөөрчү” талапкерлердин арасынан кеминде төртөө жумушсуз, мындан тышкары, ординатор, ыктыярчы, Бишкектеги №18 муниципалдык аймактык башкарманын кызматкери, “Дордой Базары” ЖЧКсынын кассир-контролеру жана “Дордой”, “Аламүдүн” базарларынын кызматкерлери бар. 

 Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарбия координатору бир эмес, эки ирет демөөрчү болууга жетишкен.

  1. Жаныбеков аттуу талапкер өзү жумушсуз, тизмекте 46-орунда болгонуна карабай, фондго 100 миң сом которгонго дарамети жеткен: 

     2. Балакин дагы жумушсуз. Ал тизмекте 65 – орунда:

3. Нурлан уулу Бексултан тизмекте 61-орунда:

4. Өмүрзакова аттуу талапкер 80-орунда:

5. 26 жаштагы Базеян тизмекте 54-орунда. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Базеян ординатор.

Партиянын фондунун 93%ы жеке жактардын жана талапкерлердин эсебинен толукталган. Бардыгы болуп, 128 акча которуу катталса, анын ичинен 119 адам жеке демөөрчүлөр жана кандидаттар. Алар 11 миллион 11 млн 899 миң сом которгон. 

“Биримдик” партиясынын изи менен

Буга чейин Economist.kg басылмасы 2020-жылкы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке аттанган “Биримдик” партиясынын шайлоо фонду тууралуу иликтөө жасаган.  Материалда партия эсебине 200 миң смодон которгон 160 демөөрчү тууралуу кеп болгон (мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоодо физикалык жактар партия эсебине 200 миң сомго чейин которо алат). 

Журналисттер демөөрчүлөрдүн арасынан штабдын ар түрдүү кызматкерлери да бар экенин аныктаган.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева бул тууралуу депутаттыкка талапкерлер үгүт учурунда көп каражат коротот деп белгилеген.  Анын айтымында бардык медиа жана башка жарнак аянтчалары расмий иштегендиктен, партиянын чыгымдары БШКнын отчетторунда чагылдырылат. Бардык кызматтарды төлөө үчүн партиялар ири фонд түзөт.

“Формалдуу түрдө мыйзам бузулган жок. Биз бул каражат кимдики экенин билбейбиз да. Эң негизгиси, биз бул акча террористтерден, криминалдан жана чет өлкөдөн эмес экенин билүүбүз керек”,— деп билдирген ал. Журабаеванын айтымында партиянын фонду кайсы каражаттын эсебинен чогулганын тиешелүү мамлекеттик органдар иликтөөсү керек.