(Кыргыз) Эт комбинаты, электр энергиясы, коопсуздук агенттиги. Айыл чарба министринин жана анын үй-бүлөсүнүн ээлигинде эмне бар?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2021-жылы 3-февралда азыркы кызматын ээлеген. Бир аз мурдараак ал “Айыл Банктан” ага жана анын үй-бүлөсүнө таандык болгон эт комбинатын ачыш үчүн төмөнкү пайыз менен жеңилдетилген насыя алган болчу. Factcheck.kg сайтынын редакциясы анын чоо-жайын аныктады.

Садыр Жапаров жана «Рейна Кенч»

2021-жылдын 15-майында президент Садыр Жапаров Ысык-Көл областына болгон иш сапары учурунда Каракол шаарында «Рейна-Кенч» эт комбинатынын ишке киргизилишине катышкан.

Президенттик аппараттын басма-сөз кызматы ошондо билдиргендей, аталган эт комбинатынын курулуш иштери 2020-жылдын августунда башталган болчу. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт.

“Ишкананы ишке киргизүүгө жалпысынан 132 миллион сом сарпталып, анын 36 миллион сому “Айыл Банк” ААКсы (мамлекеттин үлүшу 100%, ред. кош.) тарабынан жеңилдетилген ресурс катары бөлүнгөн, – деп айтылат билдирүүдө.

(Жеңилдетилген ресурстар – бул Финансы министрлиги банкка бизнес-долбоорго насыяны төмөнкү пайыз менен берүү үчүн берген каражат – ред. кош.).

Эт комбинатын ишке киргизүү учурунда тартылган сурөттөн Аскарбек Жаныбековдун эки уулун – Нурмухамед Аскарбековду жана Айбек Сапарбековду көрсө болот.

«Айыл Банктын» маалыматы боюнча, «Рейна-Кенч» эт комбинатынын бардык эт азыктары ички рынокко да, ЕАЭБ өлкөлөрүнө, балким, Кытайга да экспортко чыгарылат.

«Рейна Кенчтин» сайтында жазылгандай, 2021-жылы 1500 миңден ашык адам иштеген касапкана курулган. Анда күнүнө 100 баш бодо мал жана 500 баш майда мал союлат.

КР Айыл чарба министрлиги, GIZтин өкүлчүлүгү, «Айыл Банк», Router.kg IT-компаниясы, Globus жана «Фрунзе» сыяктуу ири дүкөндөр тармактары долбоордун өнөктөрү болуп эсептелет.

«Рейна Кенч» кимге таандык?

osoo.kg базасынын маалыматтары боюнча, «Рейна Кенч» деген аталыштагы эки ишкана бар.

«Рейна-Кенч» дыйкан чарбасы 2001-жылы каттоодон өтүп, кылкандуу дан эгиндерин өстүрүү менен алектенет. Анын директору министрдин кичүү уулу Нурмухамед Аскарбеков. Ал эми анын негиздөөчүсү министрдин жубайы – Жаныбекова Аида Жакеновна жана өзү.

Жогорудагы көрсөтүлгөн ишмердүүлүктүн көлөмүнө карабай 2019-2022-жылдар аралыгында ишкана болгону 570 миң сом салык төлөгөн.

Башка компаниянын аталышы «Н.Рейна-Кенч». Ал муздатылган жана тоңдурулган эт жана ичеги азыктарын өндүрүү менен алектенет. Бул ишкананын директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун өзү. Башка ээлери – жубайы Аида Жаныбекова жана кичүү уулу Нурмухамед Аскарбеков. Ошол эле кезде ишкана ачылганынан бери, башкача айтканда 2015-жылдан бери салык төлөбөй келет.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесине ылайык, кызматчыга «өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга» тыюу салынат.

Министр жана анын үй-бүлөсү дагы кандай бизнеске ээ?

«Айкашка” асыл тукум фермер чарбасы» мал чарбачылыгы менен алектенет. Анын ээлери Аскарбек Жаныбековдун өзү, аялы Аида Жаныбекова жана кызы Рейна Аскарбековна Жаныбекова. Бул компаниянын да ИСНи жана салык төлөмдөрү тууралуу маалыматы жок.

«Фермерлер мектеби” аймактык окуу борбору» ЖЧК уулу Нурмухамед Аскарбековго таандык. Ал ошол эле кезде “Ангус” дыйкан (фермер) чарбасынын негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Экинчи уулу Айбек Сапарбековго ООО «Алга Профи» таандык. Аны менен бирге уюштуруучулардын катарында анын апасы Аида Жаныбекова жана Юсупов Сухраб Дастанович бар. Ошондой эле Сапарбеков «Калкан-Секьюрити» коопсуздук агенттигинин» негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет.

Коомдук тармактардан Каракол шаарына жакын жерде жайгашкан Тепке айылындагы «Рейна-Кенч» конок үйүн тапса болот. Ушул эле жерден айыл чарба министри Айбек Сапарбековдун тун уулу түшкөн фото, видеолорду таба алдык. Барак тууралуу маалыматтарда конок үйүнүн аймагында айыл чарба комплекси жана алма багы бар экени айтылат.

Жубайы электр тармагында ишкерлик кылат. Ал электр энергиясын сатуу менен алектенген «Дорт» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Компания 2006-жылы түзүлгөн. Анын да салыктык төлөмдөрү нөлгө барабар.

Тыянак: министр Жаныбековдун үй-бүлөсүнө жалпысынан сегиз компания таандык. Алардын экөөсүндө айыл чарба министри өзү негиздөөчү болуп эсептелет. Бул болсо «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын нормаларына карама-каршы келет.