(Кыргыз) Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун кармалган мүчөлөрүнүн бизнеси: детективдик агенттик, каржылык ортомчулук

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

5-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмышуу тобунун мүчөлөрү деп шектелгендерди атайын күчтөрдүн жоокерлери кармап жаткан видеону жана пресс-релизди таратты. Кармоо Бишкектеги фитнес-залдардын биринде болгон.

Мекеменин маалыматы боюнча төмөнкү адамдар кармалган:

  • Абдулдабеков Эдиль Муратович, 1984-жылы туулган;
  • Долотбек уулу Бекзат, 1993-жылы туулган;
  • Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган;
  • Кирчанов Дмитрий Викторович, 1972-жылы туулган;
  • Токтакунов Кеңешбек Шайлобекович, 1985-жылы туулган;
  • Тыныбек уулу Мээримбек, 2001-жылы туулган.

Factcheck.kg аталгандарды osoo.kg маалыматтар базасынан текшерип, экөөнүн Бишкекте жеке ишканалары бар экенин аныктаган.

Детективдик агенттик

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелгендердин бири Александр Лепихин Бекмурзаева Сулайка Уметбаевна менен биргеликте 2021-жылдын сентябрында Бишкекте “Комбат и Компания” деген коопсуздук жана детективдик агенттик ачкан. Лепихин тууралуу маалыматтар аз. Ал 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыккандыгы гана белгилүү.

Быйыл июнда аталган детективдик агенттик кайра каттоодон өтүп, анын ээлери катары жаңы адамдар көрсөтүлгөн:

  • Чикаев Канат Сарыкеевич –детективдик агенттиктин директору да болуп эсептелет. Бери дегенде 2015–2020-жылдары бюджеттик мекемеде иштегени жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Жеткиликтүү турак жай” программасына катышканы гана белгилүү. Ал тууралуу башка маалыматтар жок.
  • Алмамбетова Бактыгүл Идиновна
  • Алмамбетова Жанара Идиновна

Ушул эле адамдар “Шер Секьюрити“ деп аталган дагы бир коопсуздук агенттиктин ээлери болуп эсептелет. Кайра каттоого чейин (кайра эле бул жылдын июнунда болгон) бул компанияга дагы башка адамдар ээлик кылган болчу.

Белгилей кетүүчү жагдай, Бактыгүл жана Жанара Алмамбетовалардын фамилиялары жана аталарынын аты мэрдин мурдагы кеңешчиси, муниципалитеттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси, өткөн парламенттик шайлоого НДПК партиясынан талапкер болуп катышкан Гуля Алмамбетованыкы менен бирдей. Ошондой эле алар Facebook тармагында бири бири менен достукта.

Турагенттик жана каржылык ортомчулук

Кармалгандардын дагы бири, Эдиль Абдулдабеков, 2008-жылдан 2011-жылга чейин Бишкекте төрт фирма ачкан жана дагы бир фирмада директор болуп катталган.

  • Балион Бизнес” ЖЧК – иш жүргүзгөн тармагы жана салыктык төлөмдөрү тууралуу маалымат жок.
  • GRANDIS GROUP” ЖЧК (Грандис Групп) – товарлардын кеңири түрү менен дүңү менен соода кылуу. Абдулдабеков жалгыз ээси жана директору. Салык төлөмдөрү тууралуу маалымат жок.
  • Гольфстрим Плюс” Юридикалык Компаниясы” ЖЧК – юркомпания азыр салык төлөбөйт. Абдулдабековдон сырткары анын негиздөөчүлөру болуп Игорь Зинченко, Олег Моисеев жана Владимир Стрельцов эсептелет.
  • Globex Alliance Ltd” ЖЧК (Глобекс Альянс Лтд) – ишмердүулүгүн жабуу процедурасын 2011-жылы эле өткөн, жабылганга чейин 62 миң сом салык төлөгөнгө жетишкен.
  • Борбордук Азиянын инвестициялык компаниясы” ЖАК каржылык ортомчулук менен алектенет. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген Эдиль Абдулдабеков бул акционердик коомдо анын директору деп гана көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрү: Нургазы Оморбеков жана “Investment Holding Company” ЖАК. Салыктары – нөл.