(Кыргыз) Зулушевдердин бизнеси, мурдагы прокурор менен байланышы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2022-жылдын 11-майында Factcheck.kg башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир туугандарына таандык бизнес тууралуу макала жарыялаган.

Эске салсак, 4-июнда ал Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишинин адилеттүү каралышын камсыздоо максатында кызматынан убактылуу четтетилген.

Буга чейин Ош шаарында курулуп аткан турак жай башкы прокурордун үй-бүлөсүнө таандык делген маалымат социалдык тармактарда тараган. Ал эми биздин редакция Зулушевдин Рыскул жана Дарманкул аттуу инилери ишкерлик менен алектенерин аныктаган.

Макала жарыяланган соң, окурмандарыбыз башкы прокурордун уулу менен жубайы дагы ишкер экенин маалымдашты.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип, тастыктады жана Зулушевдин мурдагы прокурор Адис Өмүралиев менен байланышын аныктады.

Биздин өздүк булак Зулушевдин жубайынын аты Назгүл Надирова экенин маалымдады. “Одноклассники” социалдык тармагында прокурордун болгону 9 досу бар болсо, анын ичинен Надированы көрүүгө болот. Назгүл Надирова Зулушевдин жубайы экенин анын эжеси Гүлмира Зулушева дагы редакцияга берген интервьюсунда тастыктады.

OsOO.kg маалыматына ылайык, Надирова “ЖазыГидро” компаниясынын тең негиздөөчүсү. Электр энергиясын өндүргөн бул ЖЧКга башкы прокурордун бир тууган иниси Дарманкул Зулушов ээлик кылат.

Мындан тышкары, Надирова “Единый центр оплаты” ЖЧКсында 2021-жылга чейин тең негиздөөчү болуп келген. Аталган компания маалыматтык технологиялар жана компьютердик технологиялар тармагында иш алып барат.

Мурдагы прокурор менен байланышы

Единый центр оплаты” ЖЧКсы Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда, Керемет көчөсү, 3 дареги боюнча каттоодон өткөн. Бул дарек боюнча дагы 4 компания каттоодон өткөнү бизди кызыктырды:

  1. Базальт-Таш” ЖЧКсы, башка топторго кирбеген түстүү металлдардын башка рудаларын казып алуу жана байытуу боюнча иш алып барат. Негиздөөчүлөр: Кудайбергенов Кубанычбек Молдокматович жана Амантурова Айгүл.
  2. Бошкой” ЖЧКсы, кеңири ассортименттеги товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенет. Директору жана негиздөөчүсү – Амантурова Айгүл.
  3. Союз Транзит” ЖЧКсы, жыгач жана курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу. Негиздөөчүлөр: Гришанова Елена Евгеньевна жана Амантурова Айгүл.
  4. Эн.Эн.Эн. Холдинг” ЖЧКсы, башка топторго кирбеген башка маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр. Негиздөөчүлөр: Мирзакимов Жылдызбек Маматжанович, Неелова Нурайым Насиповна, Өмүралиев Адис Арманбекович, директор – Өмүралиев Адис Арманбекович.

Акыркы компаниянын директору жана негиздөөчүсү Өмүралиев Адис Арманбекович  – түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча адистештирилген прокуратурасынын мурдагы башчысы. 2021-жылдын 20-майында прокуратура кызматкерлеринин конференциясында Өмүралиев прокуратуранын ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Бул жыйында Курманкул Зулушев прокуратура органдары ардагерлер кеңешине өзгөчө көңүл бурарын айтып, мыйзамдуулукту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиргени ведомствонун пресс-релизинде айтылат

Ал эми буга чейин айтылган, 5 ЖЧК каттоодон өткөн дарек боюнча жайгашкан турак-жай Өмүралиевдин бир тууганы Өмүралиева Дамира Арманбековнага катталган.

 

Medik.kg маалыматына ылайык, Дамира Өмүралиева 38 жылдык тажрыйбасы бар невролог дарыгер. Ал анын дареги боюнча жайгашкан компаниялар тууралуу кабары жок экенин билдирип, учурда үй батирге берилгенин айткан. Бирок редакция аталган жерге барып, учурда бул үйдө Өмүралиев Адистин үй-бүлөсү жашарын аныктады.

17 жаштагы ишкер

Башкы прокурордун уулу Токторалыев Барсбек Курманкулович, социалдык тармактардагы маалыматка ылайык, 17 жашта.

Учурда ал  “Радуга Пром Строй” ЖЧКсынын директору кызматын аркалап, ишкерлик менен алектенет. Компания дүңүнөн адистештирилбеген соода тармагында иш алып барат. 

 

Социалдык тармактардан алынды

“Радуга Пром Строй” компаниясы 2021-жылдын сентябрь айында түптөлгөнүн жана бүгүнкү күнгө чейин салык төлөбөгөнүн  ОsОО.kg маалымдайт.

Электр энергиясын өндүрүү

Курманкул Зулушевдин Рыскул Зулушов аттуу иниси электр энергиясын өндүрүү менен алектенген Кайнама ГЭС” ЖЧКсына ээлик кылат. Аны менен бирге JIA Бизнес Ассоциациясынын Башкармасынын мүчөсү Назаралиев Советбек Амантаевич компанияга тең негиздөөчү катары каттоодон өткөн. 

 

Кайнама ГЭС” Назаралиевге таандык батирде катталган.

Эжеси дарыгер

Курманкул Зулушевдин бир тууган эжеси Гүлмира Зулушева Оштогу “Өмүр” Медициналык борборун жетектейт.

Factcheck.kg редакциясына берген маегинде ал Медицина борбору иниси прокурор болгонго чейин эле иш алып барганын маалымдады. Мындан тышкары, Зулушева инилеринин бизнеси тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. “Өмүр” Медициналык борбору ИП (жеке ишкерлик) катары каттоодон өткөндүктөн, ал тууралуу маалыматты биз ачык булактардан таба алган жокпуз.

Жыйынтык: Курманкул Зулушевдин жубайы менен уулу ишкерлик менен алектенгени чын.