(Кыргыз) Соттолгондор, чиновниктер, депутаттыкка талапкерлер. Бишкектеги домофон компанияларынын ээлерин текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бишкектеги домофон компаниялары ай сайын кардарларынан 25 сомдон 35 сомго чейин абоненттик төлөм алып келет. Компаниялардын өкүлдөрүнүн айтымында абоненттик төлөм техникалык колдоо үчүн алынып турат. Бирок, чынында техникалык көмөк ай сайын көрсөтүлбөй, өтө сейрек керектелет.  

Бишкектиктеги көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын айтымында ай сайын абоненттик төлөм берүү негизсиз жана анын эсебинен компаниялар жөн гана  байып атат. Ал эми кызмат үчүн төлөбөй койгон учурда домофон дароо өчүрүлөт. 

Шаардыктар милдеттүү түрдө ай сайын домофонго төлөөсү керекпи жана ага ээлик кылган компаниялардын артында кимдер турат? Factcheck.kg текшерип көрдү. 

Кызмат көрсөткөн компаниялардын саны 

Бишкекте домофон орнотуучу 17 компания иш алып барат.

Биз ал компаниялардын бири менен байланышып, 18 батирлүү подъездге домофон орнотуу 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин экенин биле алдык. Бул суммага эшиктин баасы, телефону бар аппарат, зымдар, 2 чип жана жумушчулардын эмгеги кирет. Мындан тышкары, ай сайын домофон иштетсе да, иштетпесе да кардардан техникалык колдоо үчүн абоненттик төлөм алынып турат. 

Буга карабай 2GIS сервисинде белгиленген ар бир компаниянын алдында ондогон терс комментарийлерди көрсө болот. Шаардыктардын көбү тейлөө сапатына нааразы:  

  • Абоненттик төлөм үчүн болгон карызды төлөсөк дагы, компания карызды эсептеп, домофонду кайра туташтырбай атат. 
  • Домофон бузулуп калды. Аны оңдоого бир нече жума бою жумушчу топ келбей атат. 
  • Кызматкерлердин тейлөө сапаты канааттандырбайт ж.б. 

Компания ээлери ким?

Эми бул компаниялардын артында ким турарын аныктап көрөлү. Алардын ирилерин аныктоо үчүн кардарларынын саны тууралуу маалымат жабык болгондуктан, компаниялардын төлөгөн салыгына саресеп салып көрөлү. 

Эң көп салык төлөгөн компания – “Цифрал-Безопасность” компаниясы, “Домофондоштуруунун техникалык борбору” аттуу жоопкерчилиги чектелген шериктештиктин Бишкектеги филиалы. OsOO.kg сайтынын маалыматына ылайык, ал 2021-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин бардыгы болуп 221.7 миң сом төлөгөн. Компания 2009-жылы казакстандык ушундай эле аталыштагы компания тарабынан негизделген. adata.kz сайтындагы маалыматка ылайык, казакстандык компания 2019-жылдан бери салык төлөгөн эмес.  

Бишкектеги филиал 2013-жылы ачылып, Ербол Шокаев жетекчи болгон. Ачык булактардан Шокаев Алма-Атадан экенин жана буга чейин карызы бар болгон үчүн соттолгонун аныктадык. 

 “Амир Домофон” компаниясына Бермет Уржанова ээлик кылат. Ал 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине “Таза Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер болуп, тизмекте биринчи орунда эле. Анын социалдык тармактагы жеке баракчасынан  Safe business компаниясы менен өнөктөш экенин биле алдык.

“Домофон компани” ЖЧКсы 2013-жылдан бери иштеп келет. Компаниянын ээси Тиллахан Асанова 2020-жылы президенттикке талапкер Бактыбек Калмамбетовдун финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылы Асанова алдамчылык үчүн соттолгон. Ал “Лексус RX 350” үлгүсүндө унааны ижарага алып, күрөөгө 7 миң доллар калтырганы белгилүү.  

“Домофон Кей Джи” ЖЧКсына  казакстандык Айман Айылчиева ээлик кылат. Ал “ГемоМед” жана “Айман Мебель” компанияларын негиздеген. Мындан тышкары, Айылчиева Кыргызстандын Коомдук ордо кеңешинин өкүлү

“Домофондордун борбордук кызматы” ЖЧКсы,  “Домофон сервис домофон кызматынын техникалык борбору” ЖЧКсы жана “Домофон сервис плюс домофон кызматынын техникалык борбору бир адамга – Андрей Горбаневге таандык. Ал ошондой эле Эйч Ди Медиа” жарнак агенттигин жетектейт. 

Шаардыктардын ай сайын абоненттик төлөм төлөшү негиздүүбү? 

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдын №4-беренесине ылайык,

Керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш жүзүндө алынган саны үчүн төлөөнүн накталай жана/же накталай эмес формасында акы төлөйт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда товарларга, иштерге жана кызматтарга акы төлөө алдын ала төлөөнү киргизүү жолу менен да жүргүзүшү мүмкүн.

Эгерде сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүгө келишимде каралгандан аз санда товар (иш, кызмат) берсе, келишимде башкача каралба- са, мындай учурда сатуучу керектөөчү тарткан чыгымдын ордун толук төлөп берүүгө милдеттүү.

Башкача айтканда домфон компаниясы өз убагында ремонт иштерин жүргүзсө, анда ал үчүн төлөп берүү керек.  Ал эми эгерде ремонт иштери жүргүзүлбөсө, сатып алуучу кызматтан иш жүзүндө канчалык көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалыматты компаниядан талап кыла алат.

Ушул эле мыйзамдын 15 -беренесине ылайык,

сатуучу (аткаруучу) керектөөчүнүн макулдугусуз акыга кошумча кызмат көрсөтүүгө укуксуз. Керектөөчү өзүнүн макулдугусуз көрсөтүлгөн кошумча кызмат үчүн төлөнгөн сумманы кайтарууну сатуучу (аткаруучудан) талап кылууга укуктуу.

Керектөөчү анын макулдугусуз көрсөтүлгөн кызматтарды аткаргандыгы үчүн төлөнгөн суммаларды кайтарып берүүнү талап кылууга же подрядчыга аткарылган иши үчүн сый акы төлөп берүү жана аны токтотуудан улам келтирилген түз чыгымдардын ордун толтуруу аркылуу каалаган убакта тейлөө келишимин бузууга укуктуу. 

Жыйынтык: домофонду башкаруу, тейлөө жана иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүү келишимине ылайык, подрядчы, бул учурда домофон компаниясы кызматтарды сапаттуу жана өз убагында көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде келишимдин шарттары сакталбаса жана бузулса, керектөөчү өкүлү болгон кардар ыйгарым укуктуу органдарга, андан кийин сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.