(Кыргыз) Данияр Астаров, “Күчтүү регион”: “Быйыл республикалык бюджет 182 млрд сомду түзөт” – жартылай чындык

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн 24-ноябрда коомдук телеканалда парламентке аттанган талапкерлердин арасында дебат өтүүдө. 

Дебатта “Күчтүү Регион”, “Ордо”, “Ата Мекен” жана “Ыйман Нуру” партияларынын өкүлдөрү беттешти. 

“Кучтуу регион” партиясынын өкүлү Данияр Астаров  2011-жылы республикалык бюджет 69 млрд сомду түзгөнүн билдирди.

“Бүгүнкү күндө республикалык бюджет 182 млрд сомго чейин өстү. Акылбек Жапаров аны 400 млрд сомго жеткирерин айткан”, – деди Астаров.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

“Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү чындап эле 68,8 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген. Бирок “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга ылайык, кирешелер 182 миллиард эмес, дээрлик 172,9 миллиард сом деп болжолдонууда.

Ал эми өкмөт башчы Акылбек Жапаров  13-октябрда чындап эле быйыл бюджетти 280 миллиард сомго, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жеткире турганын билдирген.

Жыйынтык: жартылай чындык.