(Кыргыз) Лавров “Кыргызстан Орусиянын “атайын операциясын” колдойт деген эмес. Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “өлкөнүн Украинадагы “атайын операциясын” колдогондордун катарында Кыргызстан дагы бар” деп айткан эмес. 

16-мартта Сергей Лавров РБК каналына интервью берип, анда Орусиянын бир канча тилектеши бар экенин билдирген. Бирок ал кайсы өлкөлөр экенин жана алардын саны тууралуу тактаган эмес.

Буга карабай, Lenta.ru Лавровдун шериктешеринин катарында Кыргызстан, Мьянма, Венесуэла жана Белорус өлкөсү  бар экенин жазып чыккан. 

Чынында Лавров төмөндөгүдөй билдирүү жасаган:

Билдирүүдө жогорудагы ММКда айтылган бир дагы өлкө тууралуу кеп болгон эмес. 

Кыргызстандын расмий позициясы

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен 5-мартта Москвада жолугушуп, Украина менен Орусиянын элдешүүсүнө аянтча түзүп берүүгө даяр экенин билдирген.

“Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып турабыз. Биринчиден, бул конфликт бир тууган элдердин ортосунда болуп жатканы өкүнүчтүү. Тилекке каршы, курмандыктар болду. Дүйнө катастрофа алдында турат. Эгер ал болуп кетсе, биздин цивилизация бутуна туруп кете алат деген кепилдик жок. Тараптарды конфликтини улантууга эч убакта түртмөлөбөшүбүз керек”, — деди Казакбаев.

Казакбаев “атайын операция” тууралуу үн каткан эмес.

Буга чейинки бурмалоо

Украинадагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын позициясы орусиялык ММКлар тарабынан биринчи жолу бурмаланып аткан жок. Буга чейин “РИА Новости” жана башка ЖМКлар Кремлге шилтеме берип, президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүп, Орусияга колдоо көрсөттү деген өңүттө маалымат тараткан

“Садыр Жапаров, Киевдин Минск келишимин сактабагына жооптуу экенин белгилеп, Донбасстын карапайым калкын коргоо боюнча орус тараптын чечкиндүү аракеттерин колдоорун билдирди. Владимир Путин Кыргызстандын президентине принципиалдуу тилектештиги үчүн ыраазычылык билдирди“, – деп айтылат Орусия президентинин сайтында.

Ал эми Кыргызстандын президентинин расмий сайтында маалымат башка нукта берилген

Макалада Донбасс тууралуу дагы, орус тараптын “чечкиндүү аракеттери” тууралуу дагы кеп болгон эмес. 

Жыйынтык: Lenta.ru басылмасы Украина окуяларындагы Орусия позициясына колдооо көрсөткөн өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан бар экенин тышкы иштер министри Сергей Лаврого шилтеме кылып жазып чыккан. Бирок, Лавров билдирүүсүндө Орусиянын позициясына колдоо көрсөткөн конкреттүү өлкөлөрдү атаган эмес. 

ММК макалада “РИА Новости” басылмасындагы кесиптештеринин мурунку билдирүүлөрүнө таянганы ыктымал. Анткен менен кыргыз бийлиги Украинадагы аскерий аракеттерди ачык колдой турганын билдирген эмес.