(Кыргыз) Саламаттык сактоо министри Бейшеналиевдин бизнеси ачыкка чыкты

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Саламаттык сактоо жана өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин коронавирус илдетин уу коргошун менен дарыламакчы болгон.  Жогорку Кеңеш министрди кызматтан бошотууну сунуштаган. Ал эми активисттер аны жоопко тартуу иретинде УКМКа кайрылган. Буга карабай, бийлик тарабынан Бейшеналиевге карата эч кандай чара көрүлгөн эмес. 

Factcheck.kg министрдин үй-бүлөсүнө таандык бизнести ачыктады. 

Алымкадыр Бейшеналиев деген ким?

Бейшеналиев Ахунбаев атындагы КММАнын пропедевтикалык хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп 16 жыл эмгектенген. Бул кызматты аркалап турган кезде Чүй облусунун Кемин районунун “Сабирдин” дыйкан чарбасын жетектеген. Бирок бул чарба Юстиция министрлигинин маалымат базасында табылган жок. Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан саат менен сыйланган. 

 

Мындан тышкары, Бейшеналиев кафедраны жетектеп турган кезде Жогорку Кеңешке бир нече ирет аттанган. 2010-жылкы шайлоого Темир Сариев жетектеген “Ак-Шумкар” партиясынын курамында барган. Бирок партия жетиштүү добуш ала албай калган. 

Ал эми  2020-жылкы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын курамында аттанган. Эске салсак, партия лидери учурдагы УКМК башчысы Камчыбек Ташиев болгон. “Мекенчил” дагы керектүү добуш ала албай, Бейшеналиевдин депутат болуу максаты экинчи ирет ишке ашпай калат. Октябрь окуяларынан кийин гана Садыр Жапаровдун буйругу менен ал Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп калган.   

Ишкер-дарыгер

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министри кызматына киришкенден алты ай өткөн соң “Чечей” коомдук бирикмесин негиздейт. Бирикме “Жал” кичирайонунда №29 үйдө каттоодон өтөт. Дал ушул дарек боюнча министрдин 2012-жылы түзгөн “Беймарал” микрокредиттик компаниясы катталган. Аталган компания 2012-жылдан тарта 2015-жылга чейин 71 миң сом салык төлөгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, микрокредиттик компаниянын лицензиясы жок. 

Мындан тышкары, Бейшеналиев “Арча Бешик” мектеп-комплексинин тең негиздөөчүсү. Аталган мектеп 2018-жылы каттоодон өтүп, анда 400 окуучу билим алат.  Мектепте окутуу жылына 27 миң сомду түзөт. 

Эске салсак, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесине ылайык

мамлекеттик кызматкерге өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга тыюу салынат.

Министрдин үй-бүлөсү

Алымкадыр Бейшеналиев үй-бүлөсү тууралуу интервью берген учурда бир нече ирет айткан. Министрдин жубайынын аты Замира Кульматова жана ал композитор, музыкалык мектепте сабак берери маалым. Factcheck.kg Кульматованын бизнесин аныктап чыкты. Ал Чок-Тал айылында жайгашкан “Париж КО” ЖЧКсын негиздеген. 

Париж КО” ЖЧКсынын сайтындагы маалыматка ылайык, компания Ысык-Көлдөгү коттедждерди ижарага берүү жана сатуу менен алектенет. 75 коттедж, 88 батир, 10 ысык булак жана 2 пляж жалпы жонунан 15 гектар жерди ээлейт. 

Бейшеналиевдин Мар аттуу уулу “Драйв”ЖЧКсын жетектейт. Белгилей кетсек, бул компания дагы Бейшеналиевдин компаниясы катталган дарек боюнча жайгашкан. Компаниянын тең негиздөөчү катары Курманова Замира Марленовна көрсөтүлгөн. Биздин божомолубузда Юстиция министрлигинин сайтында ката кетирилген жана компанияны Мардын энеси Кульматова Замира Марленовна жетектейт. 

Алымкадыр Бейшеналиевдин кызынын аты Салтанат. Анын социалдык тармактардагы баракчасында “Беймарал” микрокредиттик компаниясынын директорунун оругн басары катары көрсөтүлгөн. Ал эми парламенттик шайлоодо Салтанат “Мекенчил” партиясынын ишенимдүү адамы болгон.    

Жыйынтык: Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда тыюу салынган ишкердик ишин улантууда.