(Кыргыз) БДССУнун башчысы вакцина алган эмеспи? Текшеребиз

Newly elected Director-General of the World Health Organization (WHO) Tedros Adhanom Ghebreyesus attends a news conference at the United Nations in Geneva, Switzerland, May 24, 2017. REUTERS/Denis Balibouse - RTX37CLF

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Эмдөөгө каршы чыккан Telegram-каналдарда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус өзү азыркыга чейин вакцина алган эмес деген маалыматтар таркатылууда. Бул билдирүү чагылгандай тез тарап жатат.

Далил катары анын интервьюсунан үзүндү келтирилүүдө. Вакцина алдыңар беле деген суроого БДССУнун башчысы Африка өлкөлөрүндөгү вакцинациянын жыйынтыктарын күтүп турууну каалаганын айткан. Бирок да бул видео качан тартылганын жана кайсы вакцина тууралуу сөз болуп жатканын айтуу кыйын.

Facktcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Тедрос Адханом Гебрейесус вакцина алгандыгы тууралуу 2021-жылдын 13-майында эле билдирген болчу. Бул тууралуу ал Твиттерде жазып, вакцина алып жатканда тартылган сүрөттү жарыялаган.

Сүрөтту жарыялап жатып, ал минтип жазган: “Бүгүн эмделгенге менин кезегим келди. @Hopitaux_unige #COVID19га каршы. Вакцина адам өмүрүн сактайт. Аларды бардык аймактарга болушунча батыраак жеткирүү өтө маанилүү. Мага окшоп вакцинасы бар өлкөдө жашасаңар, суранам, кезегиңер келгенде эмделип алгыла”.

Чынында, бул ролик – How to Survive a Pandemic («Пандемиядан кантип чыгуу керек») деген толук метраждуу даректүү тасмадан алынган үзүндү. 2022-жылдын 29-мартында ал HBO Max стриминг кызматында жарыяланган. Тасманын 1:40:40 баштап Science журналынын кабарчысы Джон Коэндин БДССУнун Женевадагы штаб-квартирасына келген сюжет башталат. Андан ары ал Гебрейесус менен маектеше баштайт. Маектин жүрүшүндө БДССУнун башчысы вакцина алгандыгы тууралуу өткөн чакта сүйлөп, ал вакцина алганын белгилейт, анткени Эфиопияда вакцинация 2021-жылы марттын ортосунда башталган. Африка жана башка аймактагы жашоо деңгээли төмөн өлкөлөрдө вакцинация башталгандан кийин гана өзү вакцина алышы ал үчүн өтө маанилүү болгон.

Жогоруда айтылгандай, Гебрейесус 2021-жылдын май айында эмделген. Белгилей кетүүчу жагдай, БДССУнун жетекчиси башынан эле вакцинацияны колдоп келет. Дүйнө жүзүндөгү калктын 70%дан кем эмеси эмделгенде гана COVID-19 пандемиясын жеңсе болоорун ал бир нече жолу билдирген.

Тыянак: калп. БДССУнун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус вакцина алгандыгы тууралуу 2021-жылдын 13-майында эле билдирген болчу.