(Кыргыз) Согд облусунун губернатору ​куралчандар менен сүрөткө түшкөн

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 

Twitter социалдык тармагында Тажикстандын аскер формасын кийип, куралчан жарандар менен күлүп түшкөн адам Согд облусунун губернатору Раджабой Ахмадзода экендиги айтылууда.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшереп көрдү.

 

Бул сүрөттө “Масчохиондон келишти”,- деп жазылган. Масчохион бул Бадахшан облусундагы райондордун бири. Куралчан жарандар Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Исфара шаарындагы жазуунун алдында сүрөткө түшүшкөн.

 

Согд облусунун төрагасы – Раджабой Ахмадзода

Тажикстан өлкөсүнүн Согд облустук аткаруу бийлигинин официалдуу сайтында төрага Раджобай Ахмадзода тууралуу маалыматтар жазылган.

Аталган маалыматта Раджабой Ахмадзода 2018-жылдын 13-январынан тартып, Тажикстан Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Согд облусунун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми 2018-жылдын 8-мартынан тартып, Согд облусунун төрагалык кызматын аткарып келет.

Жыйынтык: Куралчан жарандар менен сүрөткө түшкөн адам Согд облусунун төрагасы (губернатор) экени чын.

 

Булак: pk.kg