Согд облусунун губернатору куралчандар менен сүрөткө түшкөн
ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшереп көрдү.
Бул сүрөттө “Масчохиондон келишти”,- деп жазылган. Масчохион бул Бадахшан облусундагы райондордун бири. Куралчан жарандар Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Исфара шаарындагы жазуунун алдында сүрөткө түшүшкөн.
Согд облусунун төрагасы – Раджабой Ахмадзода
Тажикстан өлкөсүнүн Согд облустук аткаруу бийлигинин официалдуу сайтында төрага Раджобай Ахмадзода тууралуу маалыматтар жазылган.
Аталган маалыматта Раджабой Ахмадзода 2018-жылдын 13-январынан тартып, Тажикстан Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Согд облусунун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми 2018-жылдын 8-мартынан тартып, Согд облусунун төрагалык кызматын аткарып келет.
Жыйынтык: Куралчан жарандар менен сүрөткө түшкөн адам Согд облусунун төрагасы (губернатор) экени чын.
Булак: pk.kg