(Кыргыз) Шайлоодогу манипуляция: акыркы тизмек кандай өзгөрдү?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Шайлоо өнөктүгүндө партиялар белгилүү бир тизмекти көрсөтүп, ал эми жеңишке жеткен соң, тизмек алмашкан учурлар көп кездешет. Бул көрүнүштү партиялар “жумшак рейтинг” деп атаганы менен, чынында шайлоочунун аң сезими менен ойногон манипуляция ыкмасы. Себеби шайлоочу көбүн эсе партиянын программасына эмес, анын курамындагы талапкерлерге добушун берет эмеспи. Шайлоо өнөктүгүндө коомчулук ишеним арттырган кесип ээлери, атактуу адамдар тизмектин сап башында болот.

Ал эми шайлоо ийгиликтүү өткөн соң, тизмектин аягындагы талапкерлер алдыга жылып, депутаттык мандатка ээ болуп калат. Мисалы, 11-июлда өткөн кайра шайлоодо  “Дордой Базарынын” башкы директору жана учурдагы депутат Жумабек Салымбеков “Эмгек” партиясынын тизмегинде 44-орунда эле. Аталган партия 11 мандатка ээ болгон соң, Салымбеков 10-орунга көтөрүлүп, шаардык кеңешке жолдомо алды.

Factcheck.kg партиялардын баштапкы жана акыркы тизмектерине саресеп салып, ырчылар менен жумушсуздардын ордун ийгиликтүү ишкерлер басып калганын аныктады.

“Эмгек”

 “Эмгек” партиясы бир нече талапкерди ордунан жылдырды. Тизмекте биринчи орунда турган “ГрандЭлектроникс” ЖЧКсынын өкүлү Сергей Балакин шайлоодон соң тизмектен такыр алынган. Анын ордуна буга чейин №6-болгон Эльмир Досалиев жазылган. Белгилүү ырчы Самат Долотбаков буга чейин №8-орунда эле. Ал эми шайлоодон соң ал дагы тизмектен алынып, орду “A.S. Dordoi”  ЖЧКсынын башкы директоруна (№16) бошотулуп берилген. 

Бишкек шаардык кеңешинин адиси Айбек Ашимов 29-орундан 4-орунга көтөрүлгөн.  Ал эми жумушсуз деп катталган Махабат Жумагулованын ордуна учурдагы депутат, тизмекте №44-болуп көрсөтүлгөн  Жумабек Салымбеков келди. “Дордой Базарын” жетектеген Салымбеков КСДП фракциясынан төрт ирет депутат болуп келген. Бул ирет “Эмгек” партиясынан мандат алды. 

Тизмектен чыгарылгандар курсив менен, тизмекте калгандары калың шрифт менен белгиленди

Алгачкы тизмек

Акыркы тизмек

1. Балакин Сергей, “ГрандЭлектроникс” ЖЧКсы 1. Досалиев Эльмир, шаардык кеңештин депутаты
2. Алымбаева Елизавета, ишкер 2. Иманалиев Бактиярбек,  “Имарат Прогресс” ЖЧКсы
3. Иманалиев Бактиярбек, “Имарат Прогресс” ЖЧКсы  3. Алымбаева Елизавета, ишкер
4.  Акунова Лира,  “Кулан-Ата Алайку” ЖЧКсы 4. Ашимов Айбек, шаардык кеңештин башкы адиси(№29)
5. Абдиев Бактыбек, шаардык кеңештин депутаты 5. Абдиев Бактыбек, шаардык кеңештин депутаты
6. Досалиев Эльмир, шаардык кеңештин депутаты 6. Акунова Лира, “Кулан-Ата Алайку” ЖЧКсы
7. Кенжебаева Светлана, жумушсуз 7. Султанов Токтосун, жумушсуз
8. Долотбаков Самат, ырчы 8. Шаршенбай уулу Руслан,“A.S. Dordoi”  ЖЧКсы (№16)
9. Султанов Токтосун, жумушсуз 9. Кенжебаева Светлана, жумушсуз
10. Жумагулова Махабат, жумушсуз 10. Салымбеков Жумабек, шаардык кеңештин депутаты (№44)
11. Чалов Ильяз, “Атиаз” ЖЧКсы 11. Чалов Ильяз,  “Атиаз” ЖЧКсы

 

“Ата-Журт Кыргызстан”

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын алгачкы тизмегинен бир гана талапкер алынган. Партия 9 мандатка ээ болсо, анын ичинен №8-орундагы “Темир-Инвест” ЖЧКсынын башкы директору Кудайберген Сыдыков акыркы тизмекте жок. Ал эми калган талапкерлердин орду алмаштырылган. Тизмектен алынган бизнесмендин ордуна “Магистрой КейДжи” ЖЧКсынын башкы директору Таалайбек Жакыпов келген. Ал буга чейин 28-орунда болсо, шайлоодон соң 4-орунга көтөрүлгөн. 

№1- орунда учурдагы депутат Таалайбек Сурапбаев болчу. Ал №2-орунга которулуп, ордуна дагы бир депутат, “РАЖ” партиясынын өкүлү Алымбек Бактыбеков келди. Сурапбаев экинчи орунду ээлесе, калган талапкерлер да орду менен алмашкан. 

Алгачкы тизмек

Акыркы тизмек

1. Сурапбаев Таалайбек, шаардык кеңештин депутаты 1. Бактыбеков Алымбек, шаардык кеңештин депутаты
2. Токтогулов Максат, жумушсуз 2. Сурапбаев Таалайбек, шаардык кеңештин депутаты
3. Ашырова Айканыш, жумушсуз 3. Нусубалиева Мээрим, ишкер
4. Бактыбеков Алымбек, шаардык кеңештин депутаты 4. Жакыпов Таалайбек,  “Магистрой КейДжи” ЖЧКсы(№28)
5. Досиев Эдик Шарипович, шаардык кеңештин депутаты 5. Досиев Эдик, шаардык кеңештин депутаты
6. Нусубалиева Мээрим, ишкер 6. Ашырова Айканыш, жумушсуз
7. Конгантиев Куванычбек, шаардык кеңештин депутаты 7. Конгантиев Куванычбек, шаардык кеңештин депутаты
8. Сыдыков Кудайберген,   “Темир-Инвест” ЖЧКсы 8. Токтогулов Максат, жумушсуз
9. Ашанбаева Өмүркан, башкы адис 9. Ашанбаева Омуркан, башкы адис

 

“Ишеним”

“Ишеним” партиясында курулуш компаниянын ээси Гүлнара Сатыбалдиеванын ордуна “Азия Мунай Голд” ЖЧксынын бухгалтери Мадина Чеченова (№15), ал эми ресторатор Шаукет Нурдиновдун ордуна “Консорциум строй” ЖЧКсынын аткаруучу директору Бекжан Үсөналиев (№25) келди.

Чеченова апрель айындагы шайлоодо КЭДПнын курамында №36- орунда эле. “Азия Мунай Голд” ЖЧКсы Юстиция министрлигинин сайтында да, osoo.kg сайтынын базасында да табылган жок.  Ал эми Үсөналиевдин компаниясы курулуш иштери менен алектенет. Анын негиздөөчүсү “Фемили-Групп” компаниясы. Эске салсак, бул компаниянын тең негиздөөчүсү – учурдагы депутат Темирлан Токобеков  (“Республика – Ата-Журт”).

Алгачкы тизмек

Акыркы тизмек 

1. Аматов Рысбай, шаардык кеңештин депутаты 1. Аматов Рысбай, шаардык кеңештин депутаты
2. Исмаилов Сайдахмат, шаардык кеңештин депутаты 2. Исмаилов Сайдахмат, шаардык кеңештин депутаты
3. Идырова Рамина, жумушсуз 3. Идырова Рамина, жумушсуз
4. Акылбеков Асылбек, шаардык кеңештин депутаты 4. Тиллебаев Арнас, жумушсуз
5. Тиллебаев Арнас, жумушсуз 5. Дайырбеков Таалайбек, “Культурно-Деловой центр “Дом Москвы” ЖЧКсы
6. Сатыбалдиева Гульнара,  “Альфа Кок-Джар” ЖЧКсы 6. Чеченова Мадина, “Азия Мунай Голд” ЖЧКсы, бухгалтер (№15)
7. Нурдинов Шаукет, “Лэнкфорд” ЖЧКсы 7. Акылбеков Асылбек, шаардык кеңештин депутаты
8. Дайырбеков Таалайбек, “Культурно-Деловой центр “Дом Москвы” ЖЧКсы 8. Үсөналиев Бекжан, “Консорциум строй” ЖЧКсы (№25)

 

“Ынтымак”

“Ынтымак” партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен 7 мандат алып, “жумшак рейтингдин” жардамы менен бир кандидатын алмаштырды. Партия ишкер Акжол Абдраимовду (№7) жумушсуз деп көрсөтүлгөн Улан Сариевге алмаштырган. Сариев апрель айындагы шайлоодо тизмекте №38-орунда эле. 

Улан Сариев өзүн жумушсуз деп көрсөткөнү менен чынында osoo.kg маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусундагы Кереге-Таш айылында турист тармагында иш алып барган “Кереге-Таш Тревел” ЖЧКсынын жалгыз негиздөөчүсү жана директору. 

Алгачкы тизмек

Акыркы тизмек

1. Алымбеков Максат, шаардык кеңештин аппарат жетекчиси 1. Алымбеков Максат, шаардык кеңештин аппарат жетекчиси
2. Эргешов Казыбек, шаардык кеңештин депутаты 2. Эргешов Казыбек, шаардык кеңештин депутаты
3. Жолдошбаева Наргиза, “Беш-Сары” ЖЧКсы 3. Жолдошбаева Наргиза,  “Беш-Сары” ЖЧКсы
4. Калыков Мийзамидин, шаардык кеңештин депутаты 4. Калыков Мийзамидин, шаардык кеңештин депутаты
5. Сариев Таалайбек, шаардык кеңештин депутаты 5. Сариев Таалайбек, шаардык кеңештин депутаты
6. Халилова Гульназ,  “БиАСТ Кг” ЖЧКсы 6. Халилова Гульназ, “БиАСТ Кг” ЖЧКсы
7. Абдраимов Акжол, “Кайнар” ЖАК 7. Сариев Улан, жумушсуз (№8)

 

“Социал-демократтар”

Социал демократтар “жумшак рейтингди” пайдаланбаган жалгыз партия. Андагы талапкерлердин тизмеги алмашкан эмес. 

Алгачкы тизмек 

Акыркы тизмек 

1. Атамбаев Кадырбек, партиянын жетекчисинин орун басары   

1. Атамбаев Кадырбек, партиянын жетекчисинин орун басары

 

2. Темиркулов Таалай, ишкер 2. Темиркулов Таалай, ишкер
3. Дүйшекеева Элнура,  “Moda bella” 3. Дүйшекеева Элнура, “Moda bella”
4. Абдуллажанов Султанбек,  “Баасыз Строй” ЖЧКсы 4. Абдуллажанов Султанбек, “Баасыз Строй” ЖЧКсы
5. Сарылдык уулу Илгиз, “Тянь-Шань форель” ЖЧКсы 5. Сарылдык уулу Илгиз, “Тянь-Шань форель” ЖЧКсы 

 

“Өнүгүү-Прогресс”

“Өнүгүү-Прогресс” шайлоонун жыйынтыгы менен 5 мандат алса, тизмектеги үч талапкер алмашкан. 15-орундан 3-орунга Бириккен Нотариат палатасынын президенти Дамира Жолдошалиева, төртүнчү орунга №17-болгон жумушсуз Олег Попиков көтөрүлгөн. Ал эми 7-орундан 5-ге “Бишкек Концепт” ЖЧКсынын жетекчиси Жаныбек Асанбеков келген. 

Алгачкы беш орундан Жогорку Кеңештин консультанты Чолпонай Сыдыкова, эксперти Фархад Карымшаков жана “Евразия инвестициялык тобунун” юристи Мухамедазиз Исламов кеткен. 

Алгачкы тизмек

Акыркы тизмек 

1. Абдыллабек уулу Манас, жумушсуз 1. Абдыллабек уулу Манас, жумушсуз
2. Абдраимов Жылдызбек, жумушсуз 2. Абдраимов Жылдызбек, жумушсуз
3. Садыкова Чолпонай,  Жогорку Кеңештин консультанты 3. Жолдошалиева Дамира, Бириккен Нотариат палатасынын президенти (15)
4. Карымшаков Фархад, Жогорку Кеңештин эксперти 4. Попиков Олег, жумушсуз (№17)
5. Исламов Мухамедазиз, “Евразия инвестициялык тобунун” юристи 5. Асанбеков Жаныбек, “Бишкек Концепт” ЖЧКсы (№7)