(Кыргыз) Талкаланган чатырларга мэрия 250 миң сом сарптаган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2021-жылдын жаз айларында “Чыгыш -5” кичирайонундагы сейил бак жаңы жабдуулар менен камсыз болгон. Мэриянын пресс-борбору Чүй проспектисиндеги сейил бакчада “кол чатыр” түрүндөгү үч чатыр орнотулганын кабарлаган. Арадан төрт ай өтпөй жаңы жабдуулар талкаланып, шаардыктарды кооптондурду.  Factcheck.kg сапаты күмөн жараткан жаңы чатырларга канча каражат кеткенин аныктады.  

Бишкек шаарынын мэриясынын айтымында чатырларды орнотууга 250 миң сом сарпталган. 2019-жылкы курс менен бул каражат 3 миң долларды түзгөн.  Жабдуулар металл каркастан жана жыгачтан жасалган. Ал эми алардын сапаты тууралуу мэрия үн каткан жок.

Белгилей кетсек, “Чыгыш-5” кичирайонундагы сейил бакча 2019-жылы “Бишкекасфальтсервис” ишканасы тарабынан курулган. Ал эми чатырлар үстүбүздөгү жылы орнотулду. Ушул тапта “Бишкекасфальтсервис” жаңы жабдууларды калыбына келтирди.