(Кыргыз) “Туран” партиясында бир гана кандидат иштейт. Башка партиялардачы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

20-июнда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына боло турган шайлоого карата үгүт иштери башталды. Эске салсак, аталган шаарларда 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган. Ал эми 11-июлда кайра шайлоо өткөнү турат.

Factcheck.kg Бишкек шаардык кеңешине аттанган партиялардын тизмегине саресеп салып, талапкерлердин жарымынан көбү эч жерде иштеберин аныктады.

БШКнын маалыматына ылайык, “Туран” партиясынын катарында эң көп жумушсуз талапкерлерди кезиктирсе болот. Бул партиянын тизмегинде 71 кандидат болсо, алардын ичинен бирөө гана жумуш менен алек. Калган 70 талапкер же жалпы тизмектин 98,6%ы жумушсуз. 

Жумушсуздарды өз катарына топтогон дагы бир партия –  “Келечек”. Бул партиянын жардамы менен шаардык кеңештен мандат алмакчы болгон талапкерлердин 85%ы жумушсуз. Ал эми үчүнчү орунда ыктыярчылардын партиясы делген “Биздин эл” саясий бирикмеси. Бул партиянын тизмегиндеги талапкерлердин 76%ы жумушсуз деп катталган.  

 “Реформа” партиясынын тизмегинде жумуш менен камсыз болгон талапкерлердин саны эң көп, ал эми иштебегендер тизмектин 28,4%ын түзөт.  

Кандидаттардын билими тууралуу кеп кыла турган болсок, бардык талапкерлердин ичинен 76%ы жогорку билимдүү. Калган 24%ы орто билимдүү, кесиптик орто билимдүү жана жогорку окуу жайды бүтпөй калгандар. 

“Улуу Журт” жана “Келечек” партияларынын катарында жогорку билимдүүлөрдү эң аз санда (45,2% жана 48,6%) кезиктирсе болот. Кийинки орунда “Туран” партиясы. Ал эми  “Ынтымак”, “Социал-демократтар” жана “Эмгек” партияларында эң көп билимдүүлөр чогулган. 

Жыйынтык: БШКнын talapker.kg порталынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарына аттанган 1400 дөй талапкердин ичинен жарымынан көбү же 57,7%ы жумушсуз. Иш менен камсыз болгондордун арасында ишкерлер, бизнесмендер, шаардык кеңештин учурдагы депутаттары, журналисттер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.  

Тизмекте өзүн "жумушсуз" деп көрсөткөн талапкерлер чынында эмне менен алектенерин кезектеги макалабыздан окуңуз.