(Кыргыз) Сот департаментинин аукционундагы мүчүлүштүк

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Күн сайын Сот департаментинин сайтында өлкөнүн жети облусунан соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу боюнча бир нече жарнактары ​​чыгып турат. Factcheck.kg аукциондордун баары эле ачык болбогонун аныктады.

Редакцияга окурманыбыз аукционго чыккан унааны сатып ала албай жатканын айтып, кайрылды. Анын айтымында көпчүлүк жарандар ачык соода-сатык өткөрүлөрүн  билбегендиктен, аукциондун уюштуруучулары мындан дайыма кыянаттык менен пайдаланып келишет.

Окурман сатып алгысы келген 2008-жылы чыккан  Mercedes-Benz Sprinter 315 үлгүсүндөгү унаа 15-мартта Бишкектин Свердлов райондук сот аткаруучулары тарабынан аукционго коюлган. Анын баштапкы баасы 450 миң сом (21-апрелге карата Улуттук банктын курсу боюнча 5,4 миң долларга жакын). Базарда мындай унаалар болжол менен эки эсе кымбат турат.

Бул мүлктүн тизмеси күн сайын “Сот департаментинин” сайтында жаңыланып турат. Ар бир жаран ачык аукционго катышып, кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү арзан баада сатып ала алат.

Ал эмне болгон мүлктөр? 

Маселен, банктан насыя алуу үчүн бизнес, же үй же башка мүлктү күрөөгө коюу керек, же болбосо кепилдик берүүчү адам болушу керек.  Бул насыя алган адам өз милдеттенмелерин аткара албаса, карызды төлөө үчүн зарыл. Эгерде карызкор насыяны төлөй албаса жана келишимде маселени соттон тышкары чечүү каралбаса, анда кредит сот тартибинде төлөнөт.

“Күрөө жөнүндө” жана “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамдарга ылайык, өндүрүлгөн мүлк Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сайтында ачык аукциондо сатыкка коюлат. Карызкордун өндүрүп алууга жаткан мүлкүн баалоо сот аткаруучу тарабынан дайындалган эксперт, адис баалоочу тарабынан жүргүзүлөт. Аукциондорду өткөрүүнүн тартиби «Күрөө жөнүндө» мыйзамдын 75-беренесинде айтылат. 

Арзан баадагы мүлк

Күн сайын Сот департаментинин сайтында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу боюнча бир нече жарнактар ​​жайгаштырылат. Мисалы, 18-апрелде Чүй облусунун Жайыл райондук соттук аткаруучулар тарабынан күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк боюнча ачык аукцион тууралуу маалымат жайгаштырылган. 

Кара-Балта шаарында жайгашкан 3 бөлмөлүү батирдин баштапкы баасы 1.3 миллион сомду (15 миң доллар) түзгөн. Белгилей кетсек, бул баага Кара-Балта шаарынан үч эмес бир бөлмөлүү гана батирлерди сатып алууга болот

Аукционго катышуу үчүн сот аткаруучуларынын эсебине мүлктүн баасынын 5%ын алдын ала төлөө керек. 

Ачык аукцион 24-майда саат 11де Кара-Балта шаарында болору тууралуу маалымдалат. Аны жеңип чыккан катышуучу 5 күндүн ичинде алдын ала берилген 5%дан тышкары сумманы төлөп берүүсү керек

“Өзгөчө соода”

2022-жылдын 15-мартында Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулары тарабынан 6 унааны ачык аукциондо сатуу боюнча дагы бир жарыя жайгаштырылган.

Алардын арасында биз буга чейин сөз кылган 2008-жылы чыккан Mercedes-Benz Sprinter 315 үлгүсүндөгү унааны көрүүгө болот. 

Белгилей кетсек, бул жарнамада аукционду уюштуруучунун байланыш номери жок. Арзан баада унаа сатып алууга кызыккандар ким менен байланышары белгисиз. 

Ал эми башка жарнамаларда байланыш номерлерди көрүүгө болот. 

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, жарнамада аукционду уюштуруучунун аты-жөнү жана жашаган жери, маалымат алуу үчүн анын телефонун жана төлөм реквизиттери болууга тийиш. 

Биздин редакция сот аткаруучунун номерин таап, анын ысымы Усупбеков Азамат Шайлообекович экенин аныктады. Бирок ал алты унаа тең сатылбай калганын айтып, сүйлөшүүдөн баш тартты. Бир күн бою Усупбеков менен сүйлөшүү аракетибиз оңунан чыккан жок. 

Эске салсак, алты унаа боюнча ачык аукцион 22-апрелде Бишкекте өтөт. Редакция окурман сатып алгысы келген унааны көрүү максатында унаа токтотуучу жайга барып келди. 

Бирок, аны сыртынан гана кароого мүмкүнчүлүк болду. Кароолчу ачкычтар сот аткаруучуларда экенин айтты. Болочок сатып алуучу кыймылдуу мүлктүн абалын кантип текшериши керектиги белгисиз. 

Жыйынтык: Сот департаментинин ачык аукциондорунун бардыгы ачык-айкын өтпөйт. Айрым жарнамаларда, айрыкча салыштырмалуу арзан мүлкү бар жарнамаларда байланыш телефондору жазылган эмес.