(Кыргыз) Ысык-Ата жаракасы: борбор калаанын түштүк жагында үйлөрдү салуу канчалык кооптуу?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Январдын 22синен 23үнө караган түнү Кытайдын аймагында катуу жер титирөө болуп, ал Кыргызстанда да сезилген. Жердин силкинүүсү Бишкектин тургундарын дүрбөлөңгө салган, ал эми коомдук тармактарда үйлөрүнөн сыртка качып чыгып жаткан кыргызстандыктар тартылган видеолор таркатыла баштаган. Factcheck.kg редакциясы кыргызстандыктардын кызыгуусун жараткан – өлкөбүздүн кайсы аймактарында катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн, Ысык-Ата жаракасында үй салса болобу деген сыяктуу суроолорго жоопторду тапканга аракет кылды.

Кыргызстандын кайсы райондору жер титирөөгө байланыштуу кооптуу деп эсептелет?

Атамекендик сейсмологдордун жана чет элдик адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуулугу жогору аймактарда жайгашат. Алар: Бишкек шаары, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондору; Ош шаары, Ош облусунун Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору; Баткен облусунун Кадамжай району жана Нарын облусунун Кочкор району.

Мезгил-мезгили менен Бишкек шаарынын алдындагы жарака тууралуу маалыматтар пайда болуп калат, бул эмне жарака?

Ысык-Ата жаракасы — бул Токмок шаарынан башталып Сосновка айылына чейин созулган жер кыртышындагы жарака, ал Бишкек шаарынын түштүк жагы аркылуу өтөт. Жарака 20 км тереңдикте жайгашат, ал эми анын узундугу 150 км түзөт.

Ысык-Ата жаракасында үйлөрдү курса болобу?

Жарака өзү магистралдык линия болуп саналат, анын таасир этүүчү аймагы бул линиядан эки тарапка 1,5 км түзөт. Ошондой эле жарака таасирине байланыштуу 5 бөлүккө бөлүнөт. Ошентип эң коркунучтуу болуп биринчи аймагы эсептелет, ал магистралдык линиядан түндүктү карай 100 метр ал эми түштүктү карай 200 метр кирген тилкени түзөт. Бул тилкеде эч нерсе курууга болбойт.

2019-жылга чейин жараканын таасиринин аймактары боюнча эски карта колдонулуп келген, ал боюнча жараканын таасиринин аймагы үч километрди түзгөн. Бул карта боюнча Орто-Сай, Жогорку Орок айылдары, «Жал» жана «Киргизия-1» кичирайондору так жараканын үстүндө жайгашкан болчу. Ал эми «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы жараканын таасиринин аймагына кирген.

Ысык-Ата жаракасынын эски сейсмикалык картасы. Кызыл түс менен жарака көрсөтүлгөн. Булагы: Kaktus.Media

2019-жылы колдонууга киргизилген жаңы курулуш нормалары жана эрежелери (КНЭ) боюнча, жараканын таасиринин аймагы бир километрге чейин кыскартылган. Жаңы картага ылайык, бардык коттеждик шаарчалар, «Хандар айылынын» бир бөлүгү, Орто-Сай айылынын бир аз бөлүгү жана «Совмин» конушунун бир бөлүгү биринчи кооптуу аймакка кирбейт.

Ысык-Ата жаракасынын жаңы сейсмикалык картасы. Кызыл түс менен жарака көрсөтүлгөн. Булагы: Kaktus.Media

Мамлекет борбор калаанын түштүк жагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерип турабы?

Былтыр майда КР Министрлер кабинети кабыл алган тескеме боюнча, курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлгөн.

Июнда белгилүү болгондой, комиссия ишин баштап төмөнкү объектилерди текшерген:

  Социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объектилери жана Орто-Сай айылындагы мектепке чейинки балдар мекемеси бар «Авангард Сити» көп кабаттуу турак-жай комплекси, контур 5, «Авангард Стиль» ЖЧКсы;

— Токомбаев көч. 15/2 дареги боюнча социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объектилери жана жер астындагы унаа токтотуучу жайлары бар «Елисейлик талаалар» турак жай комплекси, «Авангард Стиль» ЖЧКсы;

— Токомбаев көч. 15 дареги боюнча жер астындагы унаа токтотуучу жайлары жана социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объектилери бар 14 кабаттуу турак жай комплекси, «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы.

«Ведомстволор аралык комиссия шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин болушун, курулуш нормалары менен эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго шайкештигин, ошондой эле курулуш объекттериндеги бетондун бекемдигин жана арматуралардын долбоордук чечимдерге ылайык келишин текшерди», - дейт Мамкурулуштун басма сөз кызматы.

Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы иштер аяктагандан кийин үч айлык мөөнөттө сунушталат деп айтылган. Комиссия ишин баштаганына жети ай болгонуна карабай жыйынтыктарды азыркыга чейин эч ким көрө элек.

Келечекте катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүнбү?

КР УИАнын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахмановдун айтымында, Кыргызстанда жер титирөөлөрдүн болуп турушу – кадыресе көрүнүш, бирок катуу жер титирөө болушунун ыктымалдыгы өтө аз.

Билдирме

Эскерте кетсек, январдын 22синен 23үнө караган түнү болгон жер титирөөнүн очогу кыргыз-кытай чек арасына жакын Аксу округунда жайгашкан. КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жердин силкиниши Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Кумтор» ишканасынын аймагында 6 баллды түзгөн, Караколдо, Кажы-Сайда – 4,5 балл, Нарында – 4 балл, ал эми Бишкекте – 3 балл.