(Кыргыз) Мамлекеттик телеканалдар Бабановду кантип каралады, – Медиасын

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

31-майда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Кумтөр ишине” байланыштуу камакка алынды. Ал “Коррупция” беренеси менен айыпталууда. Өткөн аптада анын тарапташтары тиешелүү арыз менен КТРКнын Байкоочу кеңешине кайрылган. Алардын айтымында КТРК журналисттери Бабанов тууралуу сюжеттери аркылуу ага коррупционердин образын түзгөн.

Ал эми 25-июнда Бабановдун жактоочусу Амантур Абдырахманов Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга кайрылды. Анын айтымында ЭлТР журналисттери мурдагы премьер тууралуу такталбаган маалыматты таратып, аны рейдерлик жол менен байыган деп айыпташкан. 

Factcheck.kg  “Медиасын” рубрикасынын алкагында журналисттердин ишмердүүлүгүнө саресеп салды.

2021-жылдын 18-июнунда КТРК “Коррупциянын изи менен” аттуу дээрлик 17 мүнөттүк сюжет чыгарган. Анда “айрым кыргызстандык чиновниктер канадалык компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алышкан. Бул көрүнүш отуз жылга жакын созулган” деп айтылат. 

Андан соң алып баруучу 1992-жылдан тарта 2017-жылга чейинки келишимдерге токтолот. Ал коррупцияга малынган кыргыз чиновниктеринин айынан Кыргызстанга бир нече миллиард долларлык чыгым жана жаратылышка орду толгус экологиялык зыян келтирилгенин кошумчалайт. 

Сюжеттин акырында алып баруучу мындай билдирүү жасайт:

“Алтындын айынан, тагыраагы ири каражат үчүн чиновниктер азгырыкка туруштук бере алган эмес. Учурда бийликтин эң жогорку эшелонунун бир нече өкүлү кармалды”.

Дал ушул учурда журналисттер Өмүрбек Бабановдун камакка алынгандагы тасмасын көрсөткөн.

Белгилей кетсек, Бабановдун иши боюнча сот өкүмү чыга элек. Демек, КТРК  “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин бузган.

7-берене . Журналист кесиптик ишмердүүлүктү жүргүзүүдө күнөөсүздүктүн презумпциясы принцибин карманууга милдетүү.

Мындан тышкары, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 9-беренеси бузулган:

“Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди, баштемаларын (заголовков) редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбейт. Материалдын тексти, интершоокумдар, маектер анын видеоирээтине шайкеш келиши кажет”. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 9-берене:

Муну менен катар манипуляциянын бир нече ыкмасы колдонулган:

Дезинформация — окурмандарга толук эмес, контексттен алынган жана бурмаланган маалыматты берүү.  Булак- Коул, 1998, 210-312б.

Көө жабуу, тамга басуу (навешивание ярлыков) аттуу манипуляция ыкмасы аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү алдын ала берип, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Булак- Коул, 1998,  210-312 – беттер. 

Жоопкерчиликти оодаруу. Жоопкерчиликти бир адамга же белгилүү бир топко өткөрүп берүү, ошону менен күнөөнү чыныгы күнөөлүүлөрдөн алып салуу жана / же көйгөйдү чечүү муктаждыгынан буруу. Булак – Коул, 1998, 210-312б.

ЭлТРдин сюжеттери

2021-жылдын 21-июнунда ЭлТР  “Бабанов – Кумтөрдөгү коррупциялык иштерде фигурант” аттуу 5-мүнөттүк сюжет чыгарган. Анда мурдагы премьердин мүлкү тууралуу айтылып, ал мүлк ак эмгек менен табылбаганы белгиленет. Журналист бул билдирүүнү тастыктоо иретинде “Шаардагы парктар” ишканасынын директору Калича Умуралиевадан, “Тилекмат аке” коомдук фондунун жетекчиси Тилек Усуповдон жана активист Ишенбек Курманакуновдон интервью алган. Үч респондент тең Бабановго каршы көрсөтмө берген.

Бирок журналист экинчи жана үчүнчү тараптын пикирин берген эмес.

 

Демек, журналистиканын эң башкы принциптери болгон тең салмактуулук, калыстык жана объективдүүлүк принциптери бузулган.

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.  Этикалык кодекс, 17-берене.

2021-жылдын 21-июнунда ЭлТРдин Ютуб каналында “К.Умуралиева: “Бабанов – номер биринчи рейдер” аттуу сюжет жарыяланган. Бул сюжеттин башынан аягына чейин Бабановду рейдер деп күнөөлөгөн Калича Умуралиеванын интервьюсун көрсө болот. Андан башка маалымат сюжетте камтылган эмес.

Буга чейинки материалдагыдай эле сюжетте тең салмактуулук, калыстык жана объективдүүлүк принциптери бузулган.

Мындан тышкары, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 17-беренеси бузулган.

Жыйынтык: КТРК жана ЭлТР журналисттери Өмүрбек Бабанов тууралуу сюжеттеринде:

  • Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 9 жана 17-беренесин бузган;
  • “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин бузулушуна жол берген;
  •  “Дезинформация”, “көө жабуу” жана “жоопкерчиликти оодаруу”аттуу манипуляция ыкмаларын колдонгон.