(Кыргыз) Бишкектеги асма жол: ким, качан, канчага аны салат?
30-январда Флумс шаарында (Швейцария) Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин Bartholet Swiss компаниясынын президенти Роланд Бертолет менен жолугушуусу болду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss компаниясынын ортосундагы кызматташуу боюнча алкактык келишимге кол коюлуп, Бишкекте асма жол тутумун куруу планы бекитилген.
Сунушталып жаткан бир вариант боюнча, Жибек-Жолу проспектисинен тартып Түштүк магистарлга чейин Манас проспектисин бойлото 6 км асма жол курулмакчы. Божомол боюнча, ал күнүнө 50-100 миң адамды тейлей алат. Долбоорду ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттин жана тартылган инвестиция менен карыздык каражаттардын эсебинен жүргүзүлмөкчү.
21-февралда Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов асма жолду куруу иштери ушул жылы башталарын билдирген: май-июнда капсула орнотулат, ал эми курулуш иштери 2025-жылдын үчүнчү кварталында аяктайт. Долбоордун болжолдуу баасы $50-60 млн түзөт.
27-февралда Айбек Жунушалиев асма жолдорду куруу боюнча эл аралык эксперт Стефано Николусси Росси жана Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Кубатов менен жолугушкан. Анын алкагында асма жолдун станциялары жайгашышы мүмкүн жерлер караштырылган.
Келишим түзүлгөн компания тууралуу эмнелер белгилүү?
Bartholet Maschinenbau AG асма жолдор тутуму, оюн-зоок парктары, машина куруу жана жарыктандыруу тутумдары тармактарындагы алдыңкы эл аралык компания болуп эсептелет. Компаниянын башкы кеңсеси Швейцарияда, Флумс шаарында жайгашат. Bartholet Maschinenbau AG 60 жылдан бери тоолуу аймактарда жана шаарларда асма жолдорду долбоорлоп, куруп келет.
Бардыгы болуп компания дүйнө жүзүндө 280 асма жолду курган. Ал Москвада (Орусия), Пуэбледе (Мексика), Нарвикте (Норвегия) жана башка шаарларда, аймактарда долбоорлорун ишке ашырган.
Эскерте кетсек, Бишкекте асма жолду куруу тууралуу мэрия өткөн жылы эле билдирген болчу. Бирок кийинчирээк инвесторлор чыкпагандыктан жакынкы үч жылда асма жол салынбай тургандыгы белгилүү болгон.