(Кыргыз) Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун Кипрдеги компания менен байланышы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

27-мартта түнкү саат үчтө Бишкектеги жаш Гвардия бульварындагы курулуп аткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урады.

Сүрөт: АКИpress

Кулаган пескоблоктор коңшу үйдүн чатырын талкалап кеткен. Бул үйдүн жашоочулары аман калганы менен, ар кандай жаракаттарды алышкан.

Мамкурулуштун архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Эрнис Алиев Kaktus.media сайтынын редакциясына билдиргендей, алар курулуп жаткан объектиде болуп, визуалдык текшерүү учурунда көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаган. Турак жай комплексинин бир чарчы метринин баасы 700 долларды түзөт. Бул ишкана куруп жаткан экинчи объект. Биринчиси Калык Акиев -Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жана буга чейин пайдаланууга берилген.

Үйдү “KG Восток Сервис” ЖЧКсы куруп жатканы белгилүү болду, буга чейин анын негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Жусупбек Коргонбай уулу эле.

Factcheck.kg аталган курулуш компаниясынын ээлери тууралуу маалыматты текшерди.

Кипр компаниясы

BRINA TRADING & INVESTMENT LIMITED аттуу фирма 2003-жылы Кипрдин түштүгүндөгү Лимасол шаарында негизделген. Аталган шаар өлкөдө көлөмү жагынан экинчи орунда турат.

Osoo.kg маалыматына ылайык, BRINA TRADING & INVESTMENT LIMITED компаниясы  “КейДжи Восток Сервис” ЖЧКсын негиздегендердин катарында. Буга чейин тең негиздөөчүлөрдүн катарында Жусупбек Коргонбай уулу дагы бар эле. Ал депутат болгон соң, компанияны “Мармара стоун” ЖЧКсына ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген.

BRINA TRADING & INVESTMENT LIMITED компаниясынын сайтында ал киреше алуу максатында ар кандай долбоорлорго инвестиция кылуу менен алектенери айтылган. Бир барактан турган сайтта болгону пляждын үстүнөн учуп бараткан чардактын чоң сүрөтү жана компаниянын байланыш маалыматтары, дареги жана ишинин түрү гана көрсөтүлгөн. Жетекчилик же команда тууралуу маалымат жок.

Бул жупуну компаниянын телефон номери жана иш жүзүндөгү дареги башка кипрдик Multilysis Services Limited компаниясынын дарегине дал келет. Анын веб-сайтында сегиз кишиден турган команда жана көрсөткөн кызматтар жөнүндө толук маалымат бар. Белгилей кетсек, Татьяна Кассапи аттуу бир эле кызматкер эки фирмада тең иштейт.

Multilysis Services Limited компаниясынын сайтында Кипрдеги компанияны каттоо кызматтары, иммиграция боюнча жардам, салык боюнча кеңеш, “ишенимдүү адам” кызматтары жана башка көптөгөн кызматтар үчүн кайрылса болору айтылат.

«Кейжи Восток Сервис» ЖЧКсы эмне себептен кипрдик компания менен кызматташып жатканын билүү максатында Жусупбек Коргонбай уулу менен байланышууну чечтик. Тилекке каршы, анын жардамчысынын айтымында, ал учурда ооруп калган жана комментарий бере алган жок.

Бул маалымат эмне себептен маанилүү? 

Курманбек Бакиевдин тушунда 2005-жылы Улуттук Банк Кипрди оффшордук зонага кирген өлкөлөрдүн катарынан чыгарган. Андан соң «Кыргызтелекомдун» мамлекеттик үлүшү Казакстан, Кыргызстан жана Кипрде катталган компаниялардын консорциумуна сатылган.

Бирок, бүгүнкү күндө Кипр ЕБ өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда кипрдик компаниялардын негизги артыкчылыктарынын бири – минималдуу салыктарды төлөө болуп саналат. Анын ичинде, “уктап жаткан ишканаларды” тейлөө үчүн салыштырмалуу аз мамлекеттик төлөм алынат.

Жусупбек Коргонбай уулу деген ким?

Жусупбек Коргонбай уулу 2015-жылдан тарта “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин 26 жана 27-чакырылыштарынын депутаты болгон. 2018-жылдын декабрында БШК аны орус жарандыгы бар деп мандатынан ажыраткан. Коргонбай Жусупбек уулу БШКнын чечимин жана Бишкек АШКнын чечимин жараксыз деп табуу боюнча сотко кайрылган. Райондор аралык сот БШК чечим кабыл алууда Орусиянын Юстиция министрлигинин легитимсиз катынын көчүрмөсүн колдонгонун аныктап, анын арызын канааттандырган.

Бирок БШК менен Бишкектин АШКсы кассациялык арыз берип, Жогорку Сот аны канааттандырган.

Жусупбек Коргонбай уулу 2020-жылы “Биримдик” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, октябрь окуясына байланыштуу жаңы чакырылышка өтпөй калган. Андан соң 2021-жылдын апрель айында Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынан (КЭДП) Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып, депутаттардын алдын ала тизмесине кирген, бирок көп өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Эл өкүлүнүн бизнеси

Эл өкүлү буга чейин бир нече компаниянын негиздөөчүсү болгонун osoo.kg сайты маалымдайт.

“КОК-ЖАТЫК” ЖЧКсы 2004-жылы негизделген. Ишкана дүң соода менен алектенет жана учурда «Мармара стоун» ЖЧКсынын ишенимдүү башкаруусуна өткөн.

«Жус-Бек Компани» 2008 -жылы негизделип, дүң соода менен алектенет. “Ачык бюджет” порталынын маалыматына ылайык, компания түптөлгөндөн тарта салык төлөбөй келет. Үстүбүздөгү жылы аталган ишкана Мамажанова Даана Ахунбаевнага жана “Мармара стоун” ЖЧКсына ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берген.

 “Восток-Сервис Ойл” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Алашева Таттуугул Ахматбековна. Бул компания дагы соода-сатык менен алектенет жана таштанды чыгаруу үчүн гана салык төлөп келген.

 “Мармара стоун” ЖЧКсы депутаттын жубайы Алашева Таттуугуль Ахматбековнага таандык. Алашева 2020-жылкы парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынын ишенимдүү өкүлү болгон.

Анын “Одноклассники” социалдык тармагындагы баракчасында буга чейин прокуратурада иштегени маалымдалат жана мамлекеттик сыйлыктарды алганы тууралуу сүрөттөр жүктөлгөн.

Сүрөттөр “Одноклассники” социалдык тармагынан алынды.

Учурда эл өкүлүнүн жубайынын иштеген жери тууралуу маалымат ачык булактардан табылган жок.

Мындан тышкары, Жусупбек Коргонбай уулу 2016-жылга чейин Орусиянын аймагында эки компанияга ээлик кылган. Учурда алар жокко чыгарылган.

Жыйынтык: «KG Восток Сервис» курулуш компаниясынын тең негиздөөчүсү – Кипрде катталган компания. Жусуп Коргонбай уулу өзүнүн компанияларын “Мармара Стоундун” ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берген, аны жубайы Алашева Таттуугүл Ахматбековна негиздеген.

 Биз парламентарийдин өзүнөн анын үй-бүлөлүк бизнесиндеги кипрлик компаниянын ролу тууралуу комментарий ала ала алган жокпуз. 

 Редакция компетенттүү эксперттердин мындай ыкмаларды эмне үчүн колдонсо болорун тактап берүүнү өтүнөт.