(Кыргыз) “Кактус Медиага” каршы митингге чыккандар кимдер? Фактчек (жаңыланды)

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Окуяны толук кандуу чагылдыруу үчүн журналисттерге интервью берген каармандардын комментарийлери толукталды.

28-январда “Кактус Медиа” басылмасынын кеңсесинин жанында митинг болуп өттү. Катышуучулар басылманын кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чагылдыруусуна нааразычылык билдиришкен. Эске салсак, 27-январда “Кактус Медиа” ASIA-Plus аттуу тажик басылмасындагы жаңылыкты өзүнүн сайтына жайгаштырып, жыйынтыгында социалдык тармактарда чоң резонанс жараткан.

28-январда ЖМК окурмандарга түшүндүрмө берип, Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат жарыяланганын билдирген.

“Бул публикациянын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген”, – деп билдирген басылма.

Бирок, ЖМКнын билдирүүсү айрым окурмандарды канааттандырган эмес. 28-январда басылманын кеңсесинин жанында митинг болуп өттү.

Factcheck.kg нааразычылык акциясынын активдүү катышуучулары ким экенин текшерип көрдү.

Жолдошбек Сыргаков

Жолдошбек Сыргаков митингде басылманын өкүлдөрү кечирим суроосун жана ЖМКнын жабылуусун талап кылды. Бирок, ошол эле учурда ал журналисттердин суроолоруна жооп берип атыт, резонанс жараткан макаланы окубагандыгын, ал тууралуу кабардар эмес экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Сыргаков 2022-жылдын 23-январында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясына да катышып, провокация уюштурганга аракеттенген. Ал митингдин катышуучуларына “30 жылда мындай сөз эркиндиги болгон эмес” деп билдирген.

Жолдошбек  Сыргаков  өзүн “Элдик көзөмөл” кыймылынын  өкүлү катары тааныштырат. 2021-жылы “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда ал мыйзамсыздыкка жана коррупцияга каршы экенин билдирген.

 

мессенджерлерде Жолдошбек Сыргаковдун президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтү тарады

Белгилей кетсек, 28-январдагы өткөн митингде адвокат Канат Хасанов митинг катышуучуларына “Кактус  Медианын” тажик басылмасынын жаңылыгын жазып чыкканынын маңызын түшүндүргөн соң,  Жолдошбек Сыргаков анын жүйөлөрүнө макул болуп, ЖМКга дооматы жок экенин айтып чыккан.

Орозбек Асеков

Өзүн “Элдик көзөмөлдүн” өкүлү катары тааныштырган дагы бир митингчи – Орозбек Асеков. Асеков Сыргаковдой эле Болот Темировду колдоо акциясында журналисттерге каршы пикирин билдирген.

 

Ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасынан түз эфирге чыгып, президент Садыр Жапаровго колдоо көрсөтөрүн белгилеген. Мындан тышкары, социалдык тармактардын колдонуучуларын өлкө башчысын сындагандын ордуна, ага иштегенге убакыт берүүнү сунуштаган.

Митингде журналисттердин суроолоруна жооп берип атып, “чек ара чыры баштала электе эле Kaktus Media ал тууралуу макала чыгарган” деп билдирди. Асеков басылманын жабылышын жана кечирим суроосун талап кылды.

Калыбек Жапаров

Калыбек Жапаров өзүнүн Facebook-баракчысынан митингден түз эфир алып барган. Ал журналисттерге берген интервьюсунда “россиялык ЖМКлар макалаларында “Кактус Медианын” маалыматына шилтеме берип атат” деп белгиледи жана ЖМКнын өкүлдөрү митингчилерге чыгып, кечирим суроосун талап кылды.

Калыбек Жапаровдун социалдык тармактагы баракчасынан өлкө башчысы Садыр Жапаровдун бир нече сүрөттөрүн көрүүгө болот.

2017-жылкы жаңылыктардан улам, Калыбек Жапаров Садыр Жапаровдун тарапташы экенине ынанабыз. Жаңылыкта Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровдун тарапташтарына өкүм чыгарганы жана сот Орусиянын жарандары Калыбек Жапаров, Абдыманап Бегишев жана Эрланбек Тагаевдин ар бирин төрт жылга эркинен ажарытканы маалымдалат. Ачык булактарда Калыбек Жапаров 2005-жылдан тарта Россияда мигрант болгону, ал эми учурда ал жумушсуз экени тууралуу маалымат бар.

Ыргалай Бекмуратова

Ыргалай Бекмуратова митингге биринчилерден болуп келди. Ал журналисттердин “митингге эмне себептен улам келдиңиз” деген суроосуна “чек ара меселесинин чечилишин талап кылуу максатында” деп жооп берди жана “Кактус Медианын” макаласы тууралуу кабары жок экенин кошумчалады. Бекмуратованын айтымында митингге аны Сайрагүл Дуулатова аттуу айым чакырган.

Белгилей кетсек, Бекмуратова буга чейин бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митингине чыккан.

2020-жылы ал акча талап кылган деген шек менен кармалган. ЖМКларда Баткен районунун Рават айылынын тургуну Ыргалай аттуу аял аны опузалап 40 миң сом алып жатканы айтылат.

Мындан тышкары, Ыргалай Бекмуратова аялдардын тилектештик маршында жана аялдардын укуктары үчүн тынчтык митингинде катышуучуларды провокациялоого аракет кылган.

OsOO.kg маалыматына ылайык, Кадырованын наамына төмөнкү уюмдар катталган:

  1. “Мээржазы” коомдук уюму, профессионалдык коомдук уюмдардын иш-аракети;
  2. “Мээржазы строй” жаштардын турак-жай курулуш кооперативи, турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу.

Сайрагүл Дуулатова

Ыргалай Бекмуратова айтып өткөн Сайрагүл Дуулатова митинг учурунда журналисттерди камерага тартпоону өтүнгөн жана өзүн журналистмин деп тааныштырган. Ал өзүнүн Facebook баракчасында RD Print басылмасында эмгектенерин белгилеген. Социалдык тармактарда УКМКнын пресс-релиздери менен бөлүшүп келет. OsOO.kg маалыматына ылайык, Дуулатова “Айым Ордо” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана директору.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, ал 2015-жылы Жогорку Кеңешке “Бир Бол” партиясынын курамында аттанган.

Элбек Хабибуллаев

Өзүн жарандык активист катары тааныштырган Элбек Хабибуллаев ЖМКлардын туура, так маалымат чыгаруусун талап кылып, митингге чыкканын билдирди. Анын айтымында учурда тажик тарап кыргыз аскерлерин жоопко тартууну демилгеледи. “Бул биз тараптан ар түрдүү маалымат тарап атканынан улам болуп атат”, – деп билдирди Хабибуллаев.

OsOO.kg маалыматына ылайык, Хабибуллаев “Тамчы-Булак” коомдук уюмунун негиздөөчүсү жана директору, ошондой эле “Кадам” коомдук уюмунун директору. 2021-жылдын май айында ал “Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү катары бийликтен чек ара маселелесинин тезинен чечилишин талап кылган.

Гулкайыр Абдиманнап Кызы, Баткен облусунун тургуну.

Ханбийке Асанова

Ханбийке Асанова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында “Кактус Медиага” каршы пикирин билдирип, басылманын жабылышын талап кылган.

Мындан тышкары, Асанова Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Жеңишбек Токторбаев менен бирге түшкөн сүрөттөрү менен жана депутаттын ишмердүүлүгү менен бөлүшкөн.

Асанова дагы УКМКнын пресс-релиздерин социалдык тармактагы баракчасына жарыялап турат.

2022-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин активдүү чагылдырган активисттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканы тууралуу маалымат жарык көргөн. Бул жолугушууда башка журналисттер менен катар Дуулатовага, Асановага, Абдиманнап кызына жана Хабибуллаевге ыраазычылык баракчалары тапшырылган.

 

Азизбек Салибай уулу 

Азизбек Салибай уулу журналисттерге берген интервьюсунда Баткен облусунун тургуну экенин билдирди. Ал “Кактус Медианын” Asia plus сайтына шилтеме берип чыгарган макаласына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында Instagram социалдык тармагын колдонгон жаштар макаланы туура эмес кабыл алып калышы ыктымал.

Азизбек Салибай уулу 2020-жылы башка тургундар менен бирге мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковдун элден кечирим суроосун талап кылган. Белгилей кетсек, Жеңиш Разаков Бишкектеги баткендиктерди акчага жалданып, митингге чыккан деп билдирген.

 

Айкут Конушбаев

Митингдин дагы бир катышуучусу Айкут Конушбаев “Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү деп тааныштырып, карталар менен иштерени айтты. Конушбаев журналисттер карта тууралуу маалыматы аз экенин белгилеп, кыргыз айылдарын тажик аттары менен атабоону жана башка басылмалардын маалыматтарын чыгарбоону өтүндү.

Белгилей кетсек, Айкут Конушбаев 2019-жылы кезектеги чек ара чырынан соң митингге чыгып, бийликтин чек ара маселесин тез арада чечүүсүн талап кылган.

OsOO.kg маалыматына ылайык, Конушбаев  “АИО Групп” компаниясында директор жана негиздөөчү. Kloop.kg маалыматына ылайык, аталган компания 2016-жылы парламенттин сайтын жаңылоо боюнча тендерди утуп алган жана мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыя жарыяланганга эки жума калганда түзүлгөн. Тендер 300 миң сомго ждарыяланган, ал эми «AIO Group» өзүнүн кызматын 233 миң сомго баалаган.