(Кыргыз) Садыр Жапаровдун социалдык тармактардагы колдоочулары кимдер — чыныгы колдонуучуларбы же фейктерби?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун колдоочулары социалдык тармактарда көбүн эсе “элдин атынан” комментарий калтырганды адат кылган. Мындан тышкары, алар оппоненттерин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутуп- үркүткөн учурлар да жок эмес. Эске салсак, 8-октябрда Kaktus Media басылмасы буга чейин Райымбек Матраимов менен Сооронбай Жээнбековго иштеп жүргөн троллдор фабрикасынын Садыр Жапаровдун пайдасына иштеп баштаганын жазып чыккан. 2019-жылы Factcheck.kg Матраимовдун фейктери тууралуу иликтөө жүргүзүп, ага колдоо көрсөткөндөрдүн 82%ы фейк экенин аныктаган.

Ал эми учурда Садыр Жапаровго колдоо көрсөткөн соцалдык тармактардын колдонуучулары чынында кимдер? Factcheck.kg териштирди.

Биз “Фейсбуктагы” ар кандай постторго калтырылган 1460 комментарийди изилдеп, алардын авторлорун текшердик.

Комментарийлер ар кыл тайпалардан жана массалык маалымдоо каражаттарынын баракчаларынын постторунан чогултулду. Кененирээк бул шилтемеде.

Ар бир комментарийди жана анын авторун изилдеп көргөн соң, төмөнкү жыйынтыкка келдик: комментарий калтырган колдонуучулардын ар бир үчүнчүсү  же 30,2%ы фейк аккаунттар, 44,1%ы чыныгы колдонуучулар. Ал эми ар бир төртүнчү колдонуучуну (же 25,6%) аныктоо мүмкүн болгон жок.

Фейк аккаунттарга өзүнчө саресеп салып, 2020-жылда алардын саны козу карындай өскөнүнө күбө болдук. Алардын ичинен бир тобу парламенттик шайлоо жакындаганда ачылганын көрсө болот.

Ал эми Садыр Жапаровдун колдоочуларына кайрыла турган болсок, Жапаров фейктер (71,2%) арасында да, чыныгы колдонуучулар (66,3%) арасында да абройлуу. Ага карата терс комментарий калтыргандардын саны кыйла аз: чыныгы колдонуучулар — 15,8%, фейктер — 13,3%. Кайдыгер же нейтралдуу комментарий калтыргандар да жок эмес (9% жана 4,9%). Мындан тышкары, айрым комментарийлер дегеле башка саясатчы же башка тема тууралуу болгон. Алар  8,2% жана 9%ды түздү.

Комментарийлер жана авторлор тууралуу кеңири маалымат бул жерде.  Ал эми фейк-аккаунттар тууралуу маалымат менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.