Соцтармактарда Матраимовдорду калкалагандардын 80%дан көбү – фейктер

Матраимовдордун үй-бүлөсүнө иштеген тролль, бот жана фейк аккаунттарды текшерип берүү өтүнүчү менен Factcheck.kg редакциясына окурмандар кайрылды. Буга чейин Матраимовдорго иштеген фейк-аккаунттар бар экени айрым ЖМКларда айтылып келген, ал эми 24-июнда бул тууралуу Kaktus.Media агенттиги өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялагаган.

Factcheck.kg редакциясы Facebook социалдык тармагындагы 100 гө жакын аккаунтту (профилди) изилдеп, Матраимовдордун үй-бүлөсүн калың элден калкалагандарды аныктады. Маалымат «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү айрым фактыларды четке каккан, журналист Эльнура Алканова даярдаган «Бешинчи каналдын» сюжетине калтырылган комментарийлердин негизинде жыйналган.

Фейктерди аныктоодо редакция төмөнкү критерийлерди койгон:

– профилдин катталган күнү;

– колдонуучу  маалыматты өзү жазгандыгы же башка колдонуучунукун бөлүшкөндүгү;

-колдонуучу профилинде өзүнүн сүрөтүн же башка адамдын, табигаттын, балдардын сүрөттөрүн пайдалануусу;

-профилдин баракчасында Матраимовдорго тиешелүү эмес маалыматтын болушу.

«Бешинчи каналдын» иликтөөсү Facebook социалдык тармагына 16-июнда жайгаштырылып, анын астында 520 комментарий калтырылган.  Маалымат менен соцтармактын колдонуучулары 470 жолу бөлүшкөн. Бардыгы болуп 94 аккаунт ээлери комментарий калтырган. Алардын 40%ы иликтөөнү сынга алган же нейтралдуу пикир калтырган, ал эми колдонуучунун көбү – дээрлик 60%ы иликтөөчү журналистти колдоп, анын объективдүүлүгүн белгилеген.

«Бешинчи каналдын» иликтөөсүнө алкыш айткандардын дээрлик 82%ы – фейк болуп чыккан, ал эми чыныгы колдонуучулар болгону 13%ды түзгөн. Калган 5% аккаунт ээлерин аныктоо мүмкүн болгон жок.

 

Журналистти сынган алгандардын ичинен, тескеринче, чыныгы аккаунттар басым жасап, бардыгы болуп 65% ды түзгөн. Колдонуучулардын 22%ы фейк, ал эми 13%ын аныктоо мүмкүн эмес болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсүн колдогон профилдердин көбү үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта пайда болгонун баса белгилөө зарыл. Белгилей кетчү дагы бир жагдай, май айынын башында Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов атасы Исамил Матраимовдун элесине арнап Кара-Сууда волейбол турнирин өткөргөн. Матраимовдор тарабынан чакырылып, иш-чарага катышкан депутаттардын жана атактуу саясатчылардын сүрөтү соцтармактарда жана ЖМКларда кеңири жайылган. Андан көп өтпөй, Райымбек Матраимов Алмазбек Атамбаевге видеокайрылуу жасаган. Бул окуялар бир гана ЖМКларда эмес, социалдык тармактарда, алардын ичинен фейктер тарабынан маалыматтык колдоого ээ болгон.

Фейк аккаунттарды аныктоодогу дагы бир критерий – колдонуучунун сүрөтү. Көпчүлүк фейктер жаш балдардын, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын же табигаттын сүрөтүн колдонууну эп көрөт. Мындай аккаунттар фейктер арасында 48%ды түзгөн. Ал эми алардын 30%ы башка адамдын “жүзүн” пайдаланууну чечкен. 11% колдонуучу чыныгы адамдардын сүрөтүн профилине илген. Бирок ал сүрөт колдонуучунун өзүнө таандыкпы же жокпу – аныктоо мүмкүн эмес. Фейктердин калган 5%ы дээрлик сүрөт колдонбойт.

Мисалы, «Раяна Асанова» аттуу колдонуучу профилине өзбек актрисасынын сүрөтүн илген. Ал эми «Бакай Шарипов» бул шилтемедеги сүрөттү менчиктеп алган: – https://ribalych.ru/2018/04/30/gryazevye-shariki/.

«Перизат Аримбекова» аттуу аккаунт 2019-жылдын июнь айында катталган. Анын өзүнө таандык бир да посту жок жана болгону эки сүрөтү бар.

Фейк аккаунттар тууралуу толук маалымат жана аларды анализдөө ыкмалары төмөнкү шилтемеде көрсөтүлгөн: https://docs.google.com/spreadsheets/d/1KRofOf0t9ZDXXMI2AucMBbECaL1n9T2g/edit#gid=1899635959