(Кыргыз) Вакцина аркылуу чип коюлуп атат деген маалыматты текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде эмделген жерге магнит коюп, чип бар экенин текшерген адамдардын тасмалары кеңири тарады.

Алар эмделбеген жерине магнит койсо жабышпаганын көрсөтөт. Муну менен катар, ийне аркылуу гелге чип салынган видео жайылган. Тасмада чип гелге киргендей эле денеге кирери айтылат.

Бул видеолор вакцина аркылуу адамдарга чип киргизилип атканын, дал ошол себептен улам магнит жабышканын далилдөө максатында тартылган.

 

Factcheck.kg 4 тасманы тең изилдеп көрдү (видео 1, видео 2, видео 3, видео 4).

Эске салсак, адамдарга чип салынары тууралуу маалымат пандемия башталганда эле пайда болгон. Бир жылдан ашуун убактын ичинде бир нече  өлкөнүн фактчекерлери бул божомолду төгүндөгөнүнө карабай, адамдар ага ишеним артып келет.

Тасманы текшеребиз

Тасма каармандарынын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тиешелүү документти көрсөтпөгөнү дароо күмөн жаратат. Мындан тышкары, эки видео колго жабышкан магнитти көрсөтүү менен башталып, ага чейинки окуя көмүскөдө калган.

 

Андан соң, тасма авторлору эмделбеген жерге магнитти коюшкан, бирок аны катуу басып, чаптап калганга аракет кылган эмес. Ал эми кийинки кадрдан магнитти эмделген жерге катуу басып атканын көрсө болот.

Мындай тасманы TikTok социалдык тармагынын колдонуучусу да тарткан. Ал өзүнүн уулунун колуна магнитти жабыштырып, уулунун эмделгенин айткан. Бирок, кийинки постто эле бул тасма фейк экенин моюнга алган.

Магниттин эң башкы касиети – аралыктан металлды же башка магнитти тартуу. Бул үчүн магнитти басуунун кажети жок.

Үчүнчү тасмада эмделген жер тууралуу кеп кылынганына карабай, магнит каармандын колунун эки башка участогуна жабышып калганын көрсө болот. Себеби, каарман магниттин алгачкы ирет жабышып калган жерин эстеп калган эмес.

Чиптин өлчөмү кандай? 

Колдонуучуларды чип тууралуу маалыматка ишендирүү максатында “Чип ушинитип коюлат” деген аталыштагы да видео тараган. Анда гелге ийне аркылуу чип киргизилип атканын көрсө болот.

Бул тасмадан анын автору Chip_diary аттуу TikTok колдонуучусу экенин көрө алабыз. Ал “Чителгендин күндөлүгү” аттуу баракчаны алып барат. Аталган баракчадан колго киргизилген чип тууралуу жана анын кесепети жөнүндө көптөгөн видеолорду көрсө болот.

Тасмада кадимки эмдөөдө колдонулган ийне эмес, микрочипти киргизе турган ийнени байкадык. Анын кесепетинен кол кадимкидей жаракат алган.

Эмдөөгө багытталган ийненин диаметри чип киргизе тургандан бир нече эсе кичине. Автор дагы бир тасмасында чиптин да өлчөмүн көрсөткөн.

 

Чип киргизген ийненин радиусу 5 см. Ал эми чиптин сигналды кабыл алуусу үчүн электрондук шайманды колго жакын алып келүү керек.

Кадимки ийне аркылуу чип киргизүү да мүмкүн. Бирок бул технология бүгүнкү күндө окумуштуулар тарабынан гана колдонулуп, элге кеңири жайыла элек.  Мындай чипти микроскоп акрылуу гана көрсө болот.

Бул чип бир гана денедеги температураны онлайн режимде өлчөө үчүн колдонулат. Андан башка мүмкүнчүлүгү жок.

Магнит менен чиптер

1 куб сантиметр өлчөмүндөгү мындай чип өзүнө металлдарды тартып ала алабы? Муну тешкерүү үчүн курамында чип бар заттарга металлды жакындатуу жетиштүү. Мисалы, ID картаны, банк картасын, телефондун сим-картасын, микропроцессорду ж.б. Арийне, чоң металларды жакындаткан күндө да, чип аларды өзүнө тарта албары турган иш.

Жыйынтык: жалган. Эмдөө аркылуу адамдарга чип киргизилери тууралуу маалымат — фейк.