(Кыргыз) Марлен Маматалиев, “Ынтымак”: “Акимдер жер-жерлерде маселелерди чече албайт” – жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн, 22-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.

Дебатта “Ишеним”, “Альянс”, “Ынтымак” жана “Аруузат-Эл-Куту” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

“Ынтымак” партиясынын өкүлү Марлен Маматалиев талкуунун жүрүшүндө Кыргызстанга административдик реформа керектигин айтты.

“Акимдер маселени жеринде чече албайт. Биз аларга көбүрөөк ыйгарым укук беришибиз керек”, – деди ал.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

2021-жылдын 21-октябрында президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын долбооруна кол койду. Ага ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын – акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жоопкерчилиги каралган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга чейин көбөйтүлгөн.

Жыйынтык: жалган. Президент буга чейинкиге караганда акимдерге көбүрөөк ыйгарым укуктарды берген.