(Кыргыз) Марлен Маматалиев, “Ынтымак”: “Бизде нефть менен газ жок. Бизде суу бар” – жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн, 22-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.

Дебатта “Ишеним”, “Альянс”, “Ынтымак” жана “Аруузат-Эл-Куту” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

“Ынтымак” партиясынын өкүлү Марлен Маматалиев дебаттын жүрүшүндө: “Бизде нефть менен газ жок. Бизде суу бар”, – деп билдирди.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаратылыш газын өндүрүү 22,4 миллион метр кубду түздү.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 108 миллион тонна чийки мунай запасы бар. Бирок Кыргыз Республикасындагы онго жакын мунай иштетүүчү заводдун бирөө гана толук кандуу иштеп жатат. Потенциалдуу түрдө Кыргызстан өз алдынча жылына 1,5 миллион тоннага жакын күйүүчү май менен жылына 2 миллион тоннага жакын күйүүчү май өндүрө алат.

Нефть жана алардан алынган продукциялар Өзбекстанга туруктуу экспорттолот.

Кыргызстандын мунай жана газ кендеринин картасы.

2021-жылы бир катар себептерден улам Кыргызстан суу сактагычтардагы суунун жетишсиздиги, ал тургай дыйкандардын талааларында кургакчылык көйгөйүнө туш болду.

Жыйынтык: жалган.