(Кыргыз) Медер Алиев, “Ишеним”: “Расмий маалыматка ылайык, көмүскө экономика 40%ды түзөт” – чындык

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн, 22-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.

Дебатта “Ишеним”, “Альянс”, “Ынтымак” жана “Аруузат-Эл-Куту” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

“Ишеним” партиясынын өкүлү Медер Алиев “расмий маалыматка ылайык, көмүскө экономика 40%ды түзөт, ал эми расмий эмес маалыматка ылайык, бул көрсөткүч андан да жогору” деп билдирди.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

Үстүбүздөгү жылдын башында Улуттук статистикалык комитети көмүскө экономиканын деңгээли өлкөнүн ИДПсынын 23-24% чегинде болгонун маалымдаган.  Ал эми эсепке алынбаган көрсөткүч өлкөнүн экономикасынын жарымына жетиши мүмкүн экенин билдирген. Бирок бир жума мурун Экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев “КРнын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жана Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угууда көмүскө экономиканын үлүшү 40% түзөрүн билдирген. 

Жыйынтык: чындык.