(Кыргыз) Мирлан Орозбаев, “Улуу журт”: “Биздин жарандар чет өлкөдөн 2 млрд которушат. Өлкө бутуна турушу керек эле” – далилдөө мүмкүн эмес

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн, 25 ноябрда, коомдук телеканалда парламентке аттанган талапкерлердин арасында дебат өтүүдө. 

Дебатта  “Улуттар биримдиги”, “Улуу-Журт”, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия” жана “Эл Умүтү” партияларынын өкүлдөрү беттешти. 

“Улуу журт” партиясынын талапкери Мирлан Орозбаев жылына биздин чет элдик жарандар 2 миллиарддан ашуун акча каражат которорун билдирди. Ал бул “каражатка өлкө эбак бутуна турмак” деп кошумчалады.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

2019-жылы Орусиядан Кыргызстанга мигранттардан которулган каражат 2,4 миллиард долларды түздү  2020-жылы бул сумма 2,3 миллиард долларды түзсө, 2021-жылы сегиз айда 1,7 миллиард долларды түздү, деп билдирет 24.kg маалымат агенттиги. Акыркы 10 жыл арасында 2018-жылы эң көп каражат – 2,6 миллиард доллар которулган.

Жыйынтык: далилдөө мүмкүн эмес. Мигранттар Кыргызстанга жыл сайын 2 миллиард доллардан которору анык, бирок бул каражаттын эсебинен өлкө бутуна турары тууралуу далил жок.