(Кыргыз) Мирлан Орозбаев, “Улуу-Журт”: “Партиялар 100 млн сомдон ашуун коротту. Биз болгону 300 миң сом сарптадык – жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн, 25 ноябрда, коомдук телеканалда парламентке аттанган талапкерлердин арасында дебат өтүүдө. 

Дебатта  “Улуттар биримдиги”, “Улуу-Журт”, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия” жана “Эл Умүтү” партияларынын өкүлдөрү беттешти. 

“Улуу журт” партиясынын талапкери Мирлан Орозбаев партиялар биригип 100 млн сомдон ашуун коротконун, ал эми “Улу Журт” партиясы 300 миң сом коротконун айтты.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

БШКнын маалыматына ылайык, “Улуу Журт” партиясы 18-октябрдан 23-ноябрга чейинки убакта үгүт иштерине 1 млн 677 миң сом сарптаган. Бул сумма Орозбаев айткандан 5,6 эсе көп.

Жыйынтык: жалган. “Улуу-Журт” үгүт кампаниясына партиясы 1,7 млн сом сарптаган.